Терминалдан акча уурдоого шектелген адам үй камагына чыгарылды, деп билдирди бүгүн, 18-ноябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.

Уурулук 6-11-ноябрь аралыгында жасалган. Логвиненко көчөсүндө жайгашкан банктагы терминалдан 996 миң 690 сом жана 2615 доллар уурдалган болчу.

Банктын өкүлү милицияга 12-ноябрда кайрылып, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери уурулук беренеси менен шектүүнү кармашкан. Шектүү — 1986-жылы туулган Т.М. 888 миң 960 сом жана 2615 долларды кайтарып бергенден кийин сот тарабынан үй камагына чыгарылды.

Ал эми АКИpress агенттигине булактар аркылуу белгилүү болгондой, шектүү ошол банкта эмгектенген ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.

Булак: Баракелде