Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү Кыргызстанга 400 атайын оорукана контейнерин жана 3 миң тонна буудай жөнөтөт.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрь күнү Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келген.

"Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта

Булак: Кабар