-Ак үйдү курчаган  тосмонун алынганы туура эле болдубу?

-Ак үйдүн тосмосу боюнча айтсак, бүтүн ишти бүлдүргөндөн сак болуу керек. Экинчиден, Ак үй стратегиялык жай, мамлекетти коргоо деген маселе дайыма маанилүү, андыктан жети өлчөп бир кесүү керек болчу. Кирем деген эл кирип, кыйратабыз деген эл ансыз деле кыйратып кетет тура. Тосмолордо кайсы күнөө.

-Өмүрбек Бабановдун  Садыр Жапаровду колдогону  үчүн президенттикке талапкерлигимди койбойм дегени жигиттик кадамбы же аргасыздыкпы? 

-Бабановдун ичине кирбеген соң, божомолу айтуу туура эместир.  Негизи анын аракети сактыкта  кордук жоктугун  эске салат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити