Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине эки мамлекеттин жарандары үчүн виза жана иштөөгө уруксатын алуу документин өз ара жокко чыгарууну сунуштады.

Казакбаевдин айтымында, бул биргелешкен кадам жарандардын жана товарлардын эркин жылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

9-ноябрда Руслан Казакбаев Түркияга иш сапарынын алкагында Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту.

 

Булак: Элгезит