Бүгүн, 10-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Рашид Тагаев арыз менен кайрылып, президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирди.

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Тагаев Рашид Бакирович 1958-жылы 21-августта төрөлгөн. Ал «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Ош шаарындагы филиалынын («Ошгаз») директору.
Бүгүнкүгө карата расмий түрдө 11 адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, БШКга кайрылды.

Алар:

1. Адахан Мадумаров;

2. Арстанбек Абдылдаев;

3. Кубан Чороев;

4. Назарбек Нышанов;

5. Бектур Асанов;

6. Бакыт Бакетаев;

7. Канат Исаев;

8. Абдыкаар Сыдыков;

9. Сазыкбай Турдумалиев;

10. Нурлан Мотуев;

11. Рашид Тагаев.

Ошондой эле Садыр Жапаров жана Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого бара турганын жарыялаган. Бирок алар БШКга арыз менен кайрыла элек.

Булак: Баракелде