Американын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниялары тарабынан ойлоп табылган коронавируска каршы вакцина 90 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу вакцинаны иштеп чыгуучулар билдирди.

Алар бул окуяны илим жана жалпы адамзат үчүн улуу күн деп аташты.

«Бул вакцина COVID-19 инфекциясын алдын алууда 90 пайыздан ашык натыйжалуу экени аныкталды", - дейт «Pfizer» сайты.

Клиникалык сыноого 43,5 миң адам катышкан. Алар дүйнөнүн алты өлкөсүнөн келишкен. Вакцинанын адамга тийгизген терс таасирлери байкалган эмес.

«Pfizer» компаниясы жылдын аягына чейин 50 миллион доза вакцина чыгара алабыз, ал эми 2021-жылдын аягына чейин болжол менен 1,3 миллиард вакцина чыгат деп ырастоодо.

Эгер вакцинага тез арада сертификат берилсе, эмдөө ноябрь айынын аягында башталат.

Булак: Баракелде