Кечээ, 8-ноябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча Президенттин кубогунун финалдык беттештери өттү.

Биринчи лигадагы командалардын арасында финалда «Мурас» (Ысык-Көл) менен «Ала-Тоо» (Ош шаары) беттешип, оюнду 5:3 эсеби менен «Мурас» жеңип алды.

Ал эми Жогорку лигада «Ынтымак» (Талас) командасы «Достук» (Ош облусу) командасын 9:2 эсебинде жеңип, Президенттин кубогуна ээ болду.

Сыйлоо аземине Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди.
Президенттин кубогунда байгелүү орундарга ээ болгон командалар:

Жогорку лига:

1 орун– «Ынтымак», байгеси – 500 000 сом;

2 орун – «Достук», байгеси – 250 000 сом;

3 орун – «Сары-Өзөн», Чүй облусу, байгеси – 125 000 сом.

Биринчи лига:

1 орун – «Мурас», байгеси– 100 000 сом;

2 орун – «Ала-Тоо», байгеси – 70 000 сом;

3 орун – «Келечек», Бишкек шаары, байгеси – 50 000 сом.

Андан тышкары Жогорку лигада «Ынтымак» командасындагы Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лигада «Мурас» командасындагы Бейшеке Кадырбек уулу мелдештин мыкты көк бөрүчүлөрү деп табылып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ошондой эле Биринчи лигадагы «Ала-Тоо» командасынын оюнчусу Манас Ниязовдун «Шторм» каймана аты бар күлүгү жана Жогорку лигадагы «Достук» командасынын көк бөрүчүсү Майрамбек Рыспековдун «Пегас» каймана аттуу аргымагы мыкты деп табылып, аларга да акчалай сыйлыктар берилди.

  

 

 

 

 

Булак: Баракелде