Бүгүн, 9-ноябрга караган түнү Октябрь районундагы Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Мындан тышкары окуя болгон жерге ИИМдин кызматкерлери, тез жардам кызматы жана РЭТтен 1 бригада барган.

Өрт саат 02:16да чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Булак: Баракелде