Анысын так билбейбиз. Бирок ЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматова  твиттердеги баракчасына ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров «Биримдик» партиясынын тизмесине киргизүү үчүн талапкерлерден алынган акчаларды кайра кайтарып бербей жатканын жазып чыкты. Анын айтымында, Ош менен Нарындын бизнесмендери акчаларын кайтарууну талап кылса, Зулпукаров кайтарып берүүдөн баш тартып жатыптыр.

Ошондой эле, Ширин Айтматова «Биримдик» партиясынын тизмесинин алдыңкы сабына кирүү үчүн талапкерлерден 500 миң доллардан 1 млн. долларга чейин акча  алынганын жазган. Азыр ошондогу  талапкерлер же акчаларынан жок, же мандаттан жок Төрөбай Зулпукаровдун эшигин каккылап жүрөт дейт.

Бул боюнча Төрөбай мырза өз жообун берээр. Бирок шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесин талапкерлер менен  «соодалашууда» негизги адам  Төрөбай Зулпукаров болгондугу жетишерлик жазылган.

Булак: "Майдан.kg" газетасы