Акыркы болуп өткөн парламенттик шайлоодо каалаган жеринен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген Форма №2 көптөгөн нааразычылыктарды жараткандыгы маалым.  Аны алып салуу талабы күч болуп, ЖК депутаттары алдыдагы шайлоолордо колдонбоо чечимин кабыл алышты. Бирок бул чечим шашылыш, туура эмес болуп калган жокпу  деген суроо ачык бойдон калууда.

Дегенибиз, Форма №2 ар кандай шарт, жагдайларга байланыштуу катталган жеринде добуш бере албай калган жарандардын добуш берүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берип келген. Эми андай мүмкүнчүлүктөн арылган жүз миңдеген шайлоочулар добуштарын бере албай, шайлоо укуктарын ишке ашыра албай калышат.  Бул биринчи жагы. Экинчи жагы, мунун натыйжасында шайлоого катышкан жарандардын саны аз болуп,   шайлоонун өтүүсүнө кандайдыр терс таасирин тийгизбейби?

Булак: "Майдан.kg" газетасы