Жашырганда эмне, Кыргызстандагы кадрдык реформаны ишке ашырып, анын алкагында тигил же бул тармакка билимдүү, иштин көзү билген адистердин  сынактык негизде  келүүсүн камсыз  кылуучу системаны түзүү тууралуу сөз  Акаевдин кезинен бери эле айтылып, бирок ишке ашырылбай  келет. Бул маселени премьер-министр, президенттин м.а. Садыр  Жапаров да кабыргасынан коюуда.

Ал 30 жылдын ичинде өлкө кадрдык хаоско кептелгенин белгилеп, кызматка кадрлар туугандык, партиялык квота принцитери менен дайындалып, адистерге квалификациялык талаптар болбой калганын айтты. Дайындоолор жабык эшик артында өтүп, экономикалык кызматка гуманитардык билими барлар алынып калган.

Кадр саясатындагы мына ушундай өксүктү жоюу максатында Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу системасын жаңылап, заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкындуулукту камсыз кылуу милдетин койду.

«Биз олуттуу кадрдык реформаны ишке ашырышыбыз керек. Министрлик жана ведомстволордун санын минималдуу түрдө кыскартышыбыз зарыл. Алынган билим, тажрыйба ээлеген кызматына туура келүүгө тийиш. Инженер дарыгер, мугалим финансист боло албайт. Ар ким өзүнүн иштеген ордунда натыйжа алып келиши абзел», - деди С. Жапаров.

Бул  максатта өкмөттө атайын комиссия  түзүлүп, ал мамлекеттик кызматка кесипкөйлөрдү келүүсүн камсыз  кылуу жаатында иш алып барары белгилүү болду. Мындан сырткары, ар бир мамлекеттик органдарга ардагерлердин, көз карандысыз эксперттердин катышууларында  атайын комиссиялар түзүлөт.

Булак: "Майдан.kg" газетасы