Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине мурдагы ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев ректор болуп барат дегенден бери окуу жайдын  ичиндеги жамаат экиге бөлүндү. Бир бөлүгү Канат Садыковду колдоого алышса, бир бөлүгү анын кетүүсүн талап кылып, коррупцияга малынганын айтып чыгышты. Анда айтылгандарга ишенсек, Канат Садыков ректор болуп барганы өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип алган. Атап айта турган болсок, Канат Садыков “чү” дегенде эле билим берүү министри болуп иштеп тургандагы достору үчүн кошумча штаттык бирдиктерди ачып, аларды өзүнө кеңешчи кылып дайындап алган. Тагыраагы, 5 кеңешчини дайындап, аларды кармоого окуу жайдын бюджетинен жылына 23 млн. 570 миң сом жумшалып келет. 
Айтымда, бул  Канат Садыковдун коррупциялык, мыйзамсыз иштеринин чети гана. Канат мырзанын окуу жайды «бийлеп» алгандыгы буга чейин эле айтылып, жазылып келатканына карабай, ага эч кандай чара көрүлбөй келет. Бүгүнкү бийлик коррупцияга каршы күрөш катуу болорун белгилеп атат. Андай болсо Канат Садыковдун да ректорлук ишмердиги тыкыр текшерүүгө  алынып, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жооп бериши керек. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы