Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулду, деп билдирди бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы.

Ал УКМКнын абагынан 2-ноябрда которулган. Учурда ага байланыштуу кылмыш ишти тергөө улантылып жатканы айтылды.

Бишкек шаардык соту 3-ноябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө даттанууну кароону токтоткон.
Көлбаевдин жактоочулары Сергей Манукян менен Рустам Абдурауфов апелляциялык даттанууну кайтарып алышкан.

Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарында кармалып, УКМКнын абагына камакка алынган.

Булак: Баракелде