Бул тууралуу ал бүгүн, 5-ноябрда журналисттерге «Гоин», «Таатан» соода борборлорундагы жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетиндеги тинтүү жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул окуя анын туугандарынын мүлкүнө тиешелүү.

«Сыймык Жапыкеев 7-сентябрда жабылган кылмыш ишти кайра козгоду», - деди Жумалиев.

Кечээ, 4-ноябрда Бишкек шаарындагы «Гоин», «Таатан» соода борборлорунда жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгилүү болгон.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз-Кытай «Гоин LTD» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жумалиева Гүлнур Кубанычбековна эсептелет. Ал эми түзүүчүсү — Мунире, Хэн Чэнюй жана дагы 2 түзүүчү бар.

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович «Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин» түзүүчүлөрүнүн бири.

Буга чейин Жумалиев кытайлык инвесторлор тарабынан курулган «Гоин» жана «Таатан» соода борборлорунда үлүшү бар экенин айткан.

Булак: Баракелде