Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык бөлүмүндө 29-октябрда үч эм төрөлгөн. Бүгүн, 4-ноябрда алар үйүнө чыгарылды.

Аталган борбордун башкы дарыгери Салтанат Назаралиева эне жана үч эмдин абалы туруктуу экенин билдирди.

«21 жаштагы келин бизге Нарындан кош бойлуулуктун 31-32-жумасында преэклампсиянын оор түрү деген диагноз менен келип түшкөн. 3 жума өткөндөн кийин операция жолу менен ара төрөлгөн үч эркек баланы алып чыктык. Бул келиндин алгачкы төрөтү», - деди Назаралиева.
Үч эмдин энеси Сезим Ырысбек кызы балдарына Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдарды беришкенин билдирди.

«Мындай чечимди ата-энебиз кабыл алды. Ысымдарды президенттин милдетин аткаруучунун урматына ыйгардык», - деди ал.

Үч эм 2 кг 20 гр, 2 кг 300 гр, 2 кг 500 гр болуп төрөлгөн.

    

Булак: Баракелде