Бул тууралуу 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.
Ал тышкы карызды төлөө үчүн элден жардам сунуш кылынып жатканын, бул үчүн Финансы министрлиги президенттик фонд түрүндө атайын эсеп ачканын айтып, ал тууралуу эртең-бүрсүгүнү жарыяланарын кошумчалады.
Ошону менен катар Жапаров бул маселени чечүүдө ички жаратылыш ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи:
“Жолдору бар экен. Өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот экен. Аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечишибиз керек. Кайсы жерден кантип кутулсак болорун алдын ала болжоп койдук. Жолдор бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан… Калган карыздардан деле өзүбүздүн ресурстарды колдонсок болот экен. Жаратылыш ресурстарын”.
Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөнүүчү төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатканын жакында Финансы министрлиги кабарлаган.
Булак: Элгезит