Ишкерлерден акча жана башка каражаттарды тоноп жүргөн адамдар кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-ноябрда.

Шектүүлөр курулуш материалдарын сатып алуучу аларманга айланып, ишкерлер менен жолугушуу уюштурушкан. Алар ишкерлердин 3800 доллар акчасын ээлеп алып, андан тышкары 100 миң доллар өлчөмүндөгү жок карыз тууралуу тил кат жаздырып алышкан. Ай сайын 20 миң доллардан талап кылып турушмак.

Бул факт боюнча талап-тоноо беренеси менен жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгында 31-октябрь күнү шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Шектүүлөр:

- 1984-жылы туулган А.М.Р.;

- 1990-жылы туулган К.Б.Ж.;

- 1994-жылы туулган А.Э.Ж.;

- 1990-жылы туулган Ш.у.Б.

Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Булак: Баракелде