Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким келди. Куценко Константин Иванович жамаатка тааныштырылганын мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 2-ноябрда билдирди.
Мурунку аким Азамат Дороев кызматтан кеткени 27-октябрда белгилүү болгон. Ал бул кызматка 2020-жылдын 28-июлунда дайындалган болчу.
Булак: Баракелде