Жакында эле интернетте Кара-Кечеде коронавирус менен жумушчулар оруп калды деген маалымат тарап кеткен.  Ага байланыштуу “Кыргызкөмүр”  мамлекеттик ишканасы  атайын чараларды көрүп, абалды жөнгө салганын кабарлады.

“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан жумушчуларга жана медиктерге атайын машине бөлүнүп, жумушчулар   экспресс тест тапшырып жыйыныгында сасык тумоо менен ооруганы белгилүү болду.  

1- ноябрдан баштап мурдагы жумушчулар менен байланышта болбогон жаңы кызмакерлер тобу келишти.  Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп атат.  Жетекчилик тараптан  30 - 31 - октябрда  бир жарым суткага жумуш токтотулган", - деп билдирди аталган ишкана.

Ошондой эле, маалыматка караганда санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлүнүн кызматкерлери акыркы күндөрү иштеген жумушчулардан анализ алышты.  Кара-Кечедеги техникалар жана адам көп жүрүүчү жайлар дезинфекциядан өткөрүлдү.

"Күн сайын атайын медицина кызматкерлери жумушчулардын температурасын текшерип, көзөмөлдөп жатышат. Жалпы жумушчуларга короновирус илдетинен коргонуучу каражаттар бөлүнүп берилди. Көмүргө келген жалпы жарандар  жана айдоочулардан  Кара-Кечеге кирерде беткап тагынып жана  антисептик менен колун тазалап туруусу талап кылынууда", - дейт ишкана.