Бишкек шаарынын Таалай Өзүбеков аттуу тургуну шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиевге кайрылуу жолдоду. Анда тургун шаардын бүгүнкү көйгөйлөрүн кеңири сүрөттөгөн:
"Унаа токтотуучу жайы жок курулган үйлөр боюнча, андан тышкары кафе, дүкөндөрдүн алдында кардарлар унаасын токтогонго жайлар каралбаганы үчүн кандай чаралар көрүлөт? Анын кесепетинен машиналар трассанын биринчи линиясын ээлеп (тосуп) токтошот, тыгын пайда болуп айдоочуларга тоскоол жаралууда. Горький көчөсү менен Совет көчөсүнөн баштап Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиге чейин жүрүп көрсөңөр түшүнөсүнөр. Бишкектин Генпланы жок деп айтылат, мамлекет элдин артынан келатат. Элге жол көрсөтүп, борбор шаар мындай өнүгүш керек деп элдин алдында басып, жол көрсөткөндүн ордуна эл өздөрү куруп койгондон кийин аркасынан документ даярдалып, Мамархитектура мыйзамсыз курулган имараттарды мыйзамдаштырып бергенден башка иш кылбагандай туюлат. Биринин үстүнө бири курулган үйлөр, ансыз деле үйгө толгон райондон бир кичинекей участок кылтыйып көрүнүп калса, үй куруп жатышат. Улан кичирайонуна машина менен кирсең кайра артка чыгуу кыйнчылыкты туудурат. Бир көп кабаттуу үй менен экинчи үйдүн ортосу 15 метр болсо, үй кура берсе болот деген норма кайдан чыккан? 9 кабаттуу үйлөрдүн аралыктары 15 метр болсо кандай болот? Кичирайондорду карасак Советтер Союзу убагында 5 кабат үйлөрдүн аралыктары 50 метрден кем эмес, эми азыр 9-10 кабаттуу үйлөрдүн аралыктары 15 метр болууда. Бул абсурд. Машиналар каякка токтойт, терезеден башыңды чыгарып алып, кошунаңдын терезесин карап ызы-чуусун угуп отура бер, кошунаң жакшы болсо ушакташса да болот.
Жаңы конуштардын маселелери андан көп! Элге социалдык арзан үйлөр курулбагандыктан шаарыбыздын кебетеси кетип, 50дөн ашык жаңы конуш бар, аларга кирсең көчөлөрүнөн орусча айтканда "чёрт ноги сломает".
Шаардын ортосундагы чоң имараттар курулуп жатат, бир көз менен караганда шаар өнүгүп жаткандай сезилет, бирок чындап келгенде алысты ойлосок андай эмес. Кийин Кыргызстандын экономикасы, жашоо -шарты жакшырып, аны менен катар борбор шаар чындап өнүгө баштаганда мына азыркы курулган чоң имараттар тоскоолдук жаратат, же көчөлөрдү кеңейте албайсың (расширения), себеби тротуарга тыкыс салынган, же сүрдүрүп сала албайсың. Маселелер ошондо башталат. Шаардын ортосунан 4-8 сотых эки участок сатып алып, ошол жерге толугу менен 9 кабат үй салышууда, ал кандай болот? Унаа токтотуучу жай, балдар аянтча деген кайда калат? Андан тышкары Кызыл линиядан чыккан курулмалар!
Жогоруда айтылган нерселер архитектура жана курулуштар боюнча маселелер. Эми жол эрежеси, коомдук транспорт, ошондой эле маршруткалардын проблемасы, жолдогу тыгындар, булар дагы бир чоң проблема, ар бир аялдаманын жанында тыгын, коомдук транспортту айдаган айдоочулар остановкага токтогон этикасын билишпейт, же билсе да 10-20 сом үчүн эреже бузууга барышат. Чет мамлекетти алып карасак, биринчи келген автобус биринчи деген номур жазылган чийинге токтойт, экинчиси анын аркасына, ошонтип кезекке турушат. Бизде болсо аялдамага жетпей эле токтой беришет. Эл да ошого көнүп калган, аялдама турса ал жерге туруп автобус күткөндүн ордуна алдыга барып топтолушуп туруп алышат. Ошол себептен да тыгын жаралууда, бирине бири ыңгайсыз абал жаратып, аялдамага кирип -чыгуу кыйынчылыкка кептейт. Бул боюнча атайын ыктыярчыларды даярдап, жол жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө, жолдо тыгындарды пайда кылбоонун жол-жобосу, этика боюнча курс ачып айдоочуларды окутуп, сертификат бериш керек го. Жол эрежесин бузушса бир канча мөөнөткө сертификатын алып коюш керек, балким ошондо тартипке келишээр. Чет мамлекетте, мисалы Түштүк Кореяда шаарлар аралык автобустун айдоочулары вокзалга келгенде жүргүнчүдөн биринчи жерге түшө калып, түшкөн адамдарга жүгүнүп турат.
Парктардын курулушу боюнча да чоң суроолор бар, алардын парк деген аты эле болбосо парк деле эмес. Мен тематикалык парктарды куруш керек деп ойлойм. Эл паркка барганда жөн эле убакыт өткөрбөй, кичине билим алып пайдалуу убакыт өткөрмөк. Маселелер абдан көп, сиздерди ошол мүчүлүштүктөрдү чечет деген чоң үмүттөмүн!"