Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамадминистрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тилек Матраимовдон 19-октябрь күнү өпкөнүн эки тараптуу кагынуусу аныкталып, учурда дарыланып жатат. Абалы жакшы.
Шайлоого чейин ал эмгек өргүүгө чыккандыгы айтылган. Бишкектеги окуялардан кийин 6-октябрь күнү Руслан аттуу жаран өзүн аким деп жарыялаган. Бул арада Тилек Матраимов Өзбекстандын чек арасын уулу жана тууганы менен мыйзамсыз кесип өткөнү белгилүү болгон.
Кечээ, 30-ноябрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы Тилек Матраимов премьер-министрдин буйругу менен 16-октябрь күнү ээлеген кызматынан бошотулгандыгын билдирген.
Булак: Элгезит