Аламедин райондук сотунун мурдагы судьясы Эмилбек Мамытов КР Кылмыш-жаза Кодексинин 204-статья (“алдамчылык”), 359-статьясы (“документтерди жасоо”) боюнча айыпталып, 9-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган болчу.

Мамытовдун СИЗО-1ге камалышы, анын соттук процессти созуп, үзгүлтүккө учуратууга таасир этүүгө аракет кылганы себеп болгон. Тилекке каршы, экс-судья Эмилбек Мамытов 5-октябрда орун алган элдик толкундоолорду пайдаланып, үй камагына чыгып кеткени маалым болду.

Башкача айтканда, Свердлов райондук соту Кадыркулова Алма Камчыбековна экс-судья Эмилбек Мамытовду 7-октябрда СИЗО-1ден үйүнө бошотуп жиберди. Албетте, мындай шашылыш чечим жөн жеринен чыкпасы түшүнүктүү. Демек, кырдаалдан пайдаланып алакан ысып, капчык кампайтуу орун алышы толук мүмкүн экени аң-сезимдүү адамга даана байкалып турат.

Дегенибиз, 7-октябрда толкундоолор басылбай, өлкө боюнча нааразычылык митингдер уланып, мамлекеттик мекелмелер басылып алынып, түрмөдөгүлөр күч менен бошотулуп, кырдаал курч эле. Ушундан улам Жогорку сот коомдук оор кырдаалга байланыштуу баардык соттук процесстерди токтотуп туруу боюнча атайын жарлык таратты.

Өкүнүчтүүсү, дал ушул күнү Свердлов райондук соту Кадыркулова А.К. Жогорку соттун чечимин тоготпой, көзгө илбей СИЗО-1де камакта отурган экс-судья Эмилбек Мамытовдун адвокаты  Н.М.Котик менен жең ичинен сүйлөшө коюп, (адвокат Котик Н.М. мурда эки жолу кылмыш иши козголгон) ызы-чуудан пайдаланып 2020-жылдын 9-ноябрына чейин СИЗО-1ге камалган Мамытовду үй камагына чыгарып жиберген. Демек, Жогорку соттун чечимин көзгө илбей жаткан Кадыркулованын бул жерде кызыкчылыгы бардыгын аңдоо кыйын эмес. Ал түгүл коррупция жыттанып турат.

Кызыгы, буга дейре камактагы шектүү Мамытовдун ишин 2019-жылдын декабрынан тартып карап жаткан сот Чотонов, 5-6-октябрда кокусунан эле экс-судья Мамытовдун ишин кароодон четтетилип, кылмыш иши сот Кадыркуловага өткөрүлүп жатат. Бул жерде иттин өлүгү жыттанган кыңыр иш бардыгы көрүнүп турат десек аша чапкандык болбойт. Себеп дегенде, кандай негизде, эмне себептен кылмыш ишин караган соттун курамы алмашып жатканы боюнча жабырлануучу тарапка айтылган эмес.  Мына ушунун өзү эле бүдөмүк көп былыктуу иштен кабер берет.

Айткандай, Кадыркулова Мамытовдун иши менен эч кандай таанышып үлгүрбөй жатып, КР. КЖКнын  269,270,271,293 статяларын негизге алып, камактагы Мамытовду үй камагына чыгаруу боюнча чечим чыгарып жатат. Бирок сот Кадыркулова өзү ошол өзү шилетеме кылып жаткан статяларга негизделген процедураларды сактаган эмес.

Маселен, сот КР КЖК 270-статьясы шилтеме кылып жатат. Демек, алдан-ала отурум өтүш керек болчу. Андай отурум өткөргөн эмес. Натыйжада, эч кандай алдын-ала отурум өткөрбөй туруп, шектүү адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүп жатат. Башкача айтканда, сот өзүнүн чыгарган актысында көргөзгөн мыйзам нормаларын өзү ачык эле сактабай өзүм билемдикке барган.

Эң эле оркойгон кемчилик Кадыркулова кылмыш иши менен таанышып чыга электигин айтып жатып, бирок ошол эле бир күндүн ичинде 7-октябрда экс-судьянын адвокаты Котиктин камактагы Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын дароо карап, үй камагына чыгарып жатканын кандай түшүнсө болот?.. Мындай өзүм билемдикти, орой мыйзам бузууну кездештирүү кыйын.

Андыктан, учурда калың элдин үмүтү, каалоосу менен өлкө башына келген Садыр Жапаров судья Кадыркулованын кызмат абалынан кыянатык менен пайдаланган өзүм билемдигине мыйзам алкагында тиешелүү чара көрүү боюнча чечим кабыл алышы милдет. Антпесе, соттордун мындай кылыгы мамлекеттик системага, өлкө башчысына көлөкө түшүрүп, ишенимден кетирет.

Дегенибиз, эл 5-6-октябрда алдмачылык менен шектелип камакта отурган экс-судья Мамытовду үй камагына чыгаралы, жоопкерчиликтен кутулталы, судья Алма Кадыркулова мыйзамды тебелеп мыйзамсыз иштерди жазасын деп митингге чыкпаса керек.

Айткандай, Башкы прокуратура ызы-чуудан пайдаланышып ар кандай жолдор менен мыйзамсыз түрмөдөн бошоп кеткендерди өз эрки менен келишсин деп жарыя салды. Мамытов дагы мыйзамга баш ийип СИЗО-1ге өз эрки менен келиши абзел.

Булак: "Майдан.kg" газетасы