Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого байланыштуу кассациялык арызын караган жок. Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирген маалымат боюнча, даттануу мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу арыз ээсине кайтарылган.

БШК 21-октябрдагы чечими менен кайталанган парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт деп белгилеген болчу.
24-октябрда Бишкектин административдик соту «Актив» партиясы менен «Демократия жана адам укуктары үчүн коалиция» коомдук бирикмесинин талабын колдогон. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоону кайрадан 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарууну суранган болчу.

Булак: Баракелде