Кечээ, 29-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Р.Казакбаев Кыргызстандын өкмөтү тарабынан Казакстандын инвестициялары өлкөнүн мыйзамдарына ылайык корголорун белгиледи.

Ошондой эле Р.Казакбаев Казакстандын өкмөтүнөн Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын эске алып каржы жактан жардам берүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздап берүүнү суранды.

Жолугушуунун соңунда жакын арада жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуу уюштуруу макулдашылды.

Булак: Баракелде