Нариман Түлеев борбор калаанын биринчи вице-мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Бакетаев кайрадан дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чыныбаева Айжан Адамкалиевна борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болду.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
- Категория: Коом
- Просмотров: 81