Президенттин милдетин аткаруучу жана  премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна  Бишкектеги 7-кичи районундагы жатакананын имаратын И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүүнү тапшырды.

Маалым болгондой, бул жатакана түпкүлүгүндө Медакадемияныкы болгону менен 2002-жылдан бери  Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети колдонуп келген. 

Мындан ары  имарат “КММАнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында” пайдаланылат.