“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу болуусу үчүн социалдык тармактар аркылуу көпүрө түзүп берди. Маалым болгондой, жарандар WhatsApp, Telegram, Facebook тиркемелери аркылуу коррупцияга байланыштуу видеоматериалдарды түз жөнөтө алат.

“2020-жылдын 28-октябрынан тартып, УКМКнын АБСке кайрылган жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн WhatsApp, Telegram жана Facebook мобилдик тиркемелери иштеп жатат. Ушул тиркемелерди колдонуп, сиз коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө билдирүүлөрдү, аудио жана видео материалдарды жөнөтө аласыз:

– WhatsApp номери – 0501660020;
– Телеграм номери – 0501660020;
– Facebook. Ошондой эле Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дареги аркылуу жөнөтө аласыз”, - деп кайрылды кыргызстандыктарга президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров.