Бүгүн, 29-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 522 учуру катталганын  коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Бишкек шаарынан – 110, Ош шаарынан – 33, Чүй облусунан – 58, Ош облусунан – 75, Талас облусунан – 26, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 37, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 90 жаңы учур катталган.

Ошондо жалпысынан 57 798 адам илдетке чалдыккан.

Ал эми бир суткада илдеттен айыгып чыккандардын саны  460ка жеткен.  

Айыккандардын 91и  Бишкекте, Ош шаары – 37, Чүй облусу – 41, Ош облусу – 82, Талас облусу – 18, Ысык-Көл облусу – 29, Жалал-Абад облусу – 90, Баткен облусу – 67, Нарын облусу – 5.