28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министрлик жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлик кызмат орундарына Эльвира Сурабалдиева менен Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып жатканда депутат Рада Туманбаева буга чейин вице - премьер министрлик кызматты аркалап келген Аида Исмаиловага суроо узатты. 

 "Эмне үчүн пандемия маалында калктан топтолгон каражаттардын, донорлордон келген акчалардын кайда жумшалгандыгы тууралуу маалымат ачык берилбей жатат?"- деди.

Өз кезегинде Аида Исмаилова бардык маалыматтар басма сөз жыйындары аркылуу берилип турганын белгиледи.    

"Маалымат жыйындарында жарыялап турдук деп жатасыздар. Элдин баары эле маалымат жыйынын карап олтурбайт да. Сайттарга жайгаштырып, коомчулукка кеңири жарыяланып турушу керек болчу", - деди депутат Рада Туманбаева.

Ал эми депутат Жыргалбек Турускулов: "Коронавирус илдетинин экинчи толкуну башталдыбы? Ага даярдык кандай? Эмне үчүн той-топурлар токтотулбай, калк көп чогулган жагдайларды карабай жатасыңар?" - деген суроолорду берди.

"Ооба, башталды. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийлик жетекчилери менен бирге той-аштарды токтотуу жана базарларды көзөмөлгө алуу багытында чаралар каралууда" - деп жооп берди Аида Исмаилова.