Анын жүрүшүндө жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант берери күтүлүүдө.
Жыйынга чейин депутат Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун ал тууралуу айтканы боюнча өз пикирин билдирди.
Садыр Жапаров кечээ, 28-октябрда Акылбек Жапаровду теледебатта Темирлан Султанбеков менен кайым айтышып, адепсиз сөз айтканы үчүн коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматынан аларын билдирген.
«Сөгүнгөндөн алысмын. Балким эмоцияга алдырып, катуураак сүйлөп коюшум мүмкүн. Бирок биз сөгүнгөн эмеспиз. Негизи эле менин курагымда уятыраак, жаш балдар менен кайым айтышып, эшикке чыгышкан. Мыйзам боюнча сүйлөшөбүз десек, бөлөк нукка бурулуп кетти окшойт. Саясий күрөш да.
«Азаттыктын» алып барып жаткан балдары кечирим сурады. Эмоцияга алдырбаш керек, эмоцияга алдырганда бир топ мүчүлүштүктөр кетет.
Тилекке каршы 1-2 күндөн бери ооруп калдым. Дене табым ордуна келгенден кийин жумушка чыктым. Ал чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр өзү кабыл алат экен, өзү комментарий берсе керек дейм да. Бирок 2 күн коомдук башталыштагы кеңешчи болгондон кийин депутат катары эле жүрдүм. Аппарат же бирөө аркылуу айттырып койсом болмок экен», - деди Жапаров.
Ал премьер-министрдин чечимине комментарий бере албай турганын да кошумчалады.
Булак: Баракелде