Кеңешбек Дүйшөбаев коррупционер, "Кыргызстан" партиясын жетектеген Канат Исаевдин кожоюну экенин жаттап алгыла. Исаев Дүйшөбаевдин кол баласы. Дүйшөбаев башкарып турганы үчүн элге такыр кызмат кылбаган "Кыргызстан" партиясы ар кайсы бийликтин тилин таап өлкөнү кошо башкарышып бийликте жүрөт. Жалганбы? 2015-жылы Атамбаевдин шопуру Илмияновдун тилин таап, дос боло коюп Исаевдин "Кыргызстан" партиясы ЖКга келген. 2020-жылдагы шайлоодо да бардык мыйзамдарды бузуп шайлоого катышып, жалган болсо да тизмеде үчүнчү болуп келди го. Албетте, Жээнбековдор, Матраимовдор менен келишип-сүйлөшүлгөндөн кийин фаворит аталып, сөзсүз шайлоодон утуп чыга турган партия аталып жатты эле. "Мекенчил", "Бүтүн Кыргызстан" чыныгы элдик партияларына караганда ушул "Кыргызстан" партиясына көп добуш берилген имиш. Ага ким ишенет? Андыктан жалган генерал Дүйшөбаевдин генералдык чинин мамлекетке кайтарып алууга убакыт келди окшойт.  

Алтынай Арстанбекова, журналист