Чогулгандар жер тилкелерин мыйзамдаштыруудагы көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылууда.

Ошондой эле муниципалитетке активист Төрөкан Жунусбеков да келген.

Чогулгандар менен жолугушууга мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев чыкты. Ал жарандардын көйгөйлөрүн карап көрүү керектигин айтып, эртеңкиге жолугушууга чакырды.

Андан тышкары Түлөбаев мэрликке талапкерлигин койбостугун, мэрияда учурда кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын айтты.

Жунусов менен Түлөбаевдин сүйлөшүүсүнөн кийин Жунусов Түлөбаевдин талапкерлигин жактырганын билдирди.

                   

Булак: Баракелде