"Эркин Асрандиев!
Буга чейин мен сиздин ким экениңизди билбептирмин. Кечээки сиздин мен жөнүндө берген маалыматыңыздан кийин карап чыктым, сиздин ким экениңизди, каерде иштегениңизди. 2008-жылдан 2016-жылга чейин банк системасында иштеген экенсиз. Иш тажрыйбаңыз көп болгону менен, али да болсо банктын закондорун жакшы билбейт окшойсуз. Ысык-Көл банкта мен бүгүнкү күнгө чейин акционермин. Мен банктын акционери катары сизден отчёт талап кылам: 2013-жылы консерватор болуп барыпсыз, эмне иш кылдыңыз? Канча маяна алып иштедиңиз? Өзүңүздүн ары- бери жүргөнүңүзгө канча акча сарптадыңыз? Кыскача айтканда акционерлердин канча акчасын сарптадыңыз?
Эми айтып атасыз Жапарова Райкүл Максим Бакиев жана анын жакындары менен мыйзамсыз операцияларды жасаганын көрдүм деп жатасыз. Мен сизден талап кылам, мен кандай мыйзамсыз операцияларды качан жана ким менен жасаптырмын? Документтердин негизинде тактап берсеңиз. Сиз көчөдө жүргөн адам эмессиз да, буга чейин вице-премьер-министр болуп иштеп тургансыз, ошондуктан документтердин негизинде сүйлөп иш алып барсаңыз жакшы болот эле. Мени аябай таң калтырганы, сиз эмне үчүн 2013-жылы консерватор болуп турган кезде айтып чыккан жоксуз? Андан бери 7 жыл өткөндөн кийин айтып атасыз?
Андан сырткары банкта мыйзамсыз операциялар жасалганын Садыр Жапаров билген деп жатасыз. Эмненин негизинде Садыр Жапаров билиш керек? Банктагы жасалган иштер банктын клиентинен бөлөк адамга эч качан берилбейт. Банк Садыр Жапаровдун же Райкүл Жапарованын менчиги эмес да. Сиз банк системасында 8 жыл тажрыйбаңыз бар экен, бирок банктын мыйзамдарын жакшы билбейт окшойсуз. Билбесеңиз айтып коеюн, мындан ары балким сизге пайдасы тийип калышы мүмкүн. "Банковская тайна" дегенди жакшылап түшүнүп алыңыз.
Калыстык үчүн айтып койсоңуз болмок экен, ошол мен иштеген 3 жылдын ичинде банктын кандай темпте өскөнүн. Сиз айтпасаңыз, эми мен айтып кетейин.
Мени банкка акционерлер 2007-жылдын август айында башкаруу төрайымы (Председатель правления) кылып шайлашты. 2010-жылдын апрелине чейин иштедим. Мага чейин банк киреше жок иштеп келген. 2009-жылдын жыйынтыгында 135 млн киреше алдык. Депозиттерди 200 миң сомдон 1 млрд сомго чейин жеткиздик. Уставдык капиталды 60 млн.дон 271 млн.го чейин көтөрдүк. Банк акыркы 22-орундан алдыңкы 10 банктын ичине кирди. Канча миллиондогон салыктарды төлөдүк. Өкүнүчтүүсү, сизге окшогон консерваторлор банкты банкрот кылып тыңдынар", - деп Райкүл Жапарова мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө жооп жазды.
Эске салсак, Асрандиев Садыр Жапаровдун командасы менен иштөөдөн баш тартып, вице-премьер-министрлик кызматынан кеткен. Ал мындай чечимин кийинчерээк билдирген. Айтымында, Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова Ысык-Көл банкынын башчысы болуп турганда бир катар махинацияларга барган жана бул тууралуу учурдагы президенттин милдетин аткаруучу жакшы билген.