Бул тууралуу «ЭлТР» телеканалынын журналисти жана алып баруучусу Бакыт Сатыбаев социалдык түйүндөгү баракчасына билдирди.

Маалыматка караганда, 16-октябрда «ЭлТР» телеканалына башкы директор болуп дайындалган Шаиста Шатманованы эмгек жамаат кабыл алган эмес.

«Өкмөттөн келген өкүл Бактыбек Ырсалиевдин алдында жамаатка алынып кетүү үчүн 3 күн убакыт сураган. Бирок, андан бери 10 күн убакыт өттү. Жамааттын “кетсин” деген талабын Шаиста Шатманова тоготкон жок. Биз андан бери нааразычылык кылып, бир нече маданияттуу акцияларды өткөргөнүбүздөн майнап чыкпай жатат. Бүгүн 2020-жылдын 26-октябрында кечки саат 18:00 дөн баштап, “ЭлТР” МТРКсынын толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук», - деп жазган.

 

 

Булак: Баракелде