ЭКТИБАР МОЛДОКЕРИМОВА: «КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮДӨ ЖЕП-ИЧЕРЛЕР ИШТЕТПЕЙ ЖАТЫШАТ»

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кочкор-Ата колледжинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, ЖАМУнун доценти Эктибар Молдокеримованын жетекчиликке келгенине быйыл октябрда эки жыл болот. Ушул аралыкта окуу жайдын өнүгүп-өсүшүнө бир топ алгылыктуу иштерди аткарды. Быйылкы карантин учурунда дагы иш билги жетекчи окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, аралыктан окутуп, таалим-тарбия маселесин колго алды. Бирок реформатор жетекчиге бут тосуп, айрым адамдар азыркыга чейин иштетпегенге бардык аракеттерди көрүп келишүүдө. Бул жагдайдын чын-бышыгына жетүү үчүн колледждин директору Эктибар Молдокеримовага чыгып, өз оозунан иштин чоо-жайын уктук. Ошондой эле кочкораталыктарга да кайрылып көрдүк.

Эктибар Карабековна, Сиз колледжге келгениңизге эки жылга чукулдап калыптыр. Ушул аралыкта угушума караганда, бир топ ийгиликтүү иштерди аткарыпсыз. Бирок Сиздин артыңыздан жаматтын ичинен айрым адамдар арыз жазып, сотко чейин барган учурлар болуптур. Ноокен райондук соту кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Сизди актап чыккан экен. Деги бул иштердин баары эмнеге байланыштуу?

— Мен Кочкор-Ата колледжине 2018-жылдын 10-октябрынан директор болуп келдим. Адистер менен кеңешип, бардык кызматкерлердин ставкасын 1,5ке түшүрүп, айрым техникалык кызматтарды кыскартып, 1-ноябрдан бардык кызматкерлердин эмгек акысын атайын каражаттын эсебинен 30%га көтөргөм. Натыйжада үч ставкага жакын иштеген окутуучу-кызматкерлердин айлыгы азайып, мага каршы тараптар пайда болгон. Ошондон бери менин үстүмөн райондук, облустук прокуратурага жазып, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

— Демек, чырдын баары мыйзамсыз акча алып жүргөндөрдүн айлыгын кыскартып, жаңы кадрларды алган үчүн башталыптыр да?

— Мен аккредитациянын талаптарына ылайык адис окутуучуларды жумушка алууга мажбур болдум. Жумушка алган окутуучулар билим берүүнүн мыктылары, тажрыйбалуу адистер бош орунга келишкен. Окуучулары республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү экендигине карабастан мени тааныштарын, жоро-жолдошторун, тууган-уругун алды деп жазышты. Бирок прокуратура кызматкерлери текшерип, мыйзам боюнча менин туугандарым жок экендигин аныкташты.

— Фактыларга таянып, айтып бераласызбы?

— Ооба. Маселен, катта жазылган фактыларга келсек, пенсионерлер Б.Артыков – белгилүү обончу, Кочкор-Ата шаарынын, Майлуу-Суу шаарынын, Ноокен районунун Гимнин сөзүн дагы, обонун дагы өзү жазган. 20 жыл мектептерде директор, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы, Кочкор-Ата шаардык балдар музыкалык мектебинин директору болуп иштеген, КР билим берүүнүн отличниги, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, Кочкор-Ата шаарынын ардактуу атуулу. Учурда 0,5 ставкада “Окутуунун жаңы

технологиялары” лабораториясынын башчысы, башталгыч класстардын мугалими, мектепке чейинки тарбиялоо адистиктерине “Музыканы окутуунун усулу”, “Ритмика” предметтеринен сабак өтүп жатат. Аккредитациянын талабы боюнча, бош орунга алынган.

С.Тешебаева – пенсионер, КР билим берүүнүн отличниги, билими жогорку, адистиги – мектепке чейинки билим берүү (аккредитациянын алдында бир дагы орто билимдүү дагы, жогорку билимдүү дагы адис жок экен), бош орунга келген, балдар бакчасында башчы, тарбиячы болуп иштеген, мектепке чейинки тарбия адистигинде окуган студенттерге адистиктен сабак берет. С.Таштемирова – кампачы, билими жогорку, бош орунга келген. Кесиби экономист. Кочкор-Ата шаардык мэриясында, Ноокен райондук тиш дарыгерлер поликлиникасында, Масы жаштар борборунда, мамлекеттик эмес ишканаларынын экономика тармагында иштеген тажрыйбалуу адис. Ноокен райондук прокуратурасы текшерип келгенде, “ишин так билген, тажрыйбалуу, жаш адис экен, бухгалтерияны тартипке келтиргени колдонуңуз” деген сунушун айтып кеткен. Н.Базарбаев – экономика, юридика багыттары боюнча жогорку билимдүү жаш адис. Колледждеги бардык тармактарды мыйзамдаштырууга жардам берди, учурда сатып алуулар боюнча адис (эсептөө палатасынан текшерүүчү келгенде сатып алуулар боюнча адисиңер прокуратурада иштейт экен, алмаштыргыла деп айткандыктан С.Калназаров менен алмаштырганбыз), сертификаты бар. А.Алимбаев — айдоочу, бош орунга келген. 20 жылга жакын стажы бар, арак ичпейт, тамеки тартпайт, алдым-жуттум эмес. “Автомобилдерди оңдоо жана электр жактан тейлөө” адистигинде, күндүзгү бөлүмдүн 2-курсунда келишимдик негизде окуйт. Эмгек келишиминде жумушту окуу менен айкалыштыруу боюнча көрсөтүлгөн. Арызында юристтин визасы коюлган. А.Дүйшөнбиева – педагогика бөлүмүнүн башчысы, билими – жогорку, башталгыч класста окутуунун усулу адистигин бүтүргөн, он жылдык тажрыйбасы бар. Жалал-Абад шаарындагы эки мектепте тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеп, бизге которулуп келген.

— Арызчылар ким? Алардын дооматтары негиздүүбү?

— Менин үстүмөн жазылган кайрылуу окуу жайдагы коррупцияны гүлдөткөн, сабак өтпөй, студенттерди адам ордуна көрбөй калган беш-алты гана кишинин кызыкчылыгы үчүн жазылган кат деп эсептеймин. Анткени катка кол койгон кызматкерлердин көпчүлүгүнүн айтуусу боюнча 1-март, дем алыш күнү, түнкү саат 10-11лерде каттын ээлери машина менен кол чогултуш үчүн тизме боюнча кыдырып, каттын мазмуну менен тааныштырбай, профсоюзга мүчөлүккө кирүүгө жазылган арыз деп, жалган айтып кол койдурушкан (А.Ибраимова, З.Абдурахманова, Д.Исманова, У.Азимов, У.Абдуллаев, У.Абдыкарова, К.Кулбаевалар менен сүйлөшкөндө белгилүү болгон). Ошондой эле кайрылууга кол койгон М.Молошов менен А.Газиевдер орто билимдүү адистер экендигине карабай сабактар бөлүнгөн, бирок, экөө тең “Кыргызнефтегаз” ишканасында иштеп, сабакка келбей коюшкан. Окуу жылы аяктап жатканда А.Газиев студенттерден ремонтко деп 6000 сом чогултуп алып, Россияга качып кетип калган. Ал эми М.Молошовду чакырып жүрүп арызын жаздырганбыз. Кадрлар боюнча адис билет.

— Келген комиссияга кимдер түшүнүк жазып беришкен?

— Келген комиссияга кимдер түшүнүк кат жазганын билбейм, бирок, К.Мамасыдыков, А.Ибраимова, У.Абдыкарова, Д.Айтиевалар комиссия келген күнү чогулушта да жок болушчу, колледжге да келген эмес. Алардын ордуна кимдер түшүнүк кат жазганы да белгисиз. Түшүнүк кат жазгандарды арызданган кызматкерлер китепканага, усулканага, профкомдун кабинетине алып кирип, окуп берип, жаздырганын жамааттын баары эле көрдү.

“Биз министр менен сүйлөштүк (мурдагы министр К.Исаков), ал киши биз тарапта, директор баары бир кетет, биз менен иштешиңи ойлогун” – дешип, үч күн түнү менен М.Абдуллаев (директордун орун басары), В.Кадыралиева (профсоюз уюмунун төрайымы), Д.Каримов (башкы бухгалтер), У.Абдыкадырова (бухгалтер-кассир), Б.Назарбаева (адамгерчиликсиз, маданиятсыз тарых илимдеринин кандидаты, мага студенттердин атынан жазылган бир нече арыздар түшкөн. Ал арыздарда студенттерге жасаган одоно, орой мамилелери, педагогикалык этикага туура келбеген кылык-жоруктары жөнүндө жазылган. Үч жыл илгери 9-класстын базасында окуган кызды аудиторияга чакырып, ичинен кулптап алып, чачын жулуп, бетин аймап, көйнөгүн тытып, эсин оодарып койгондо, директордун орун басары А.Аттокуров эшикти сындырып кирип, доктор чакырып, студент кызды ооруканага, кандидатты милиция алып кеткен экен) окутуучу-кызматкерлердин үйлөрүнө барып, кысымга алып кол койдурганын тастыктап бере турган кызматкерлер бар.

— Аты аталгандар эмне үчүн Сиздин кетишиңизди талап кылып жатышат?

— Анын бир гана жообу бар: анткени дээрлик 10-15 жыл колледжде иштеп, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерди кажып, окууга келтирбей эле акча менен сессияларды бүтүрүп, кызматтык жасалмачылык кылып, ставкаларын 2,5 тен жогору кылып, мамлекеттин акчасын каалагандай пайдаланып, мамлекетке очойгон зыян келтирилген. Эми мен баштаган мыйзамдуу иштериме тоскоолдук кылып жатышат. “Миллион кредитим бар, айлыгымды сактап бересиң, болбосо сени иштетпейбиз” — деп, мени телефондо коркуткандар да болду. 2019-жылдын март айынан мени каралап, прокуратурага, ректорго, Билим берүү жана илим министрине жаза башташты. Менин аракетим мыйзамдаштырууга гана багытталгандыктан, прокуратура дагы, финполиция дагы, АКС дагы текшерди, сот аркылуу акталдым. Т.а. Ноокен райондук сотунун 2020-жылдын 14-февралындагы өкүмү менен КРнын ЖКнын 43-беренесинин 2-, 4-бөлүгү, 329-берененин 1-бөлүгү боюнча менин аракетимде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталгам.

— Арыз жазгандар кайсы фактыларды келтиришти эле?

— Коррупцияны гүлдөтүп, окуу жайды акча жасаган фабрикага айландырган, тартипсиз, ийгиликтерди көргүсү келбеген, бөйрөктөн шыйрак чыгарган жеп-ичерлердин менин үстүмөн жазган кайрылуусунда келтирилген фактылары булар. И.Юсупжан уулу (мен директор болуп келгенде Россияга билети бар экен). К.Артыковго: “Силер кетсеңер аккредитациядан өтпөй калабыз, анткени “Атайын техникалык дисциплиналар” бөлүмүндө силердей жогорку билимдүү адис жок экен” дегениме карабай, арыз жазып, кетип калган. Анткени, даярдык жок “аккредитациядан өтпөйбүз, эртерээк жумуш таап алалы” деген ойлору бар экендигин кийин уктум. Б.Каракожоев – орто билимдүү, чарба иштери боюнча директордун орун басары экен, “кесибиңиз боюнча иштей бериңиз” — десем, “мен 20 жыл орун басар болуп иштеп, эми плотник болуп иштебейм” — деп арыз жазып кетип калган. Т.Усенов — техникалык кызматкер, үй-бүлөсү Арстанбапта жашайт экен, шарты келишпей жатканын айтып, өзүнүн арызы менен кеткен. Ф.Сатымкулова, О.Бийжановалар пенсия жашында болгондуктан, бөлүм башчылыктан көрө, китепкана башчылык тынчыраак болот деп, өздөрү каалап, мага таарынычы жок экендигин айтып кетишкен, күбөлөр дагы бар. Буларды эмнеге кошуп алышканын түшүнбөйм. М.Божоев – жогорку кан басымы менен жүрчү экен, кант диабети менен да ооручу экен. Биз агай экөөбүз эч качан жаман айтышкан жокпуз. Агайда 0,5 ставкада лаборатория башчылыгы болгондуктан, “мен балдарымды жайгаштырып бүткөм, бизнестерибиз бар, мен акчага муктаждыгым жок, ошондуктан лаборатория башчылыгымды жаштарга берем. Мен колледжге келип, балдарга сабак өтүп, өзүмдү алаксытып эле жүрсөм болду” деген. Кудайдан да коркпогондор мени агайдын өлүмүнө да себепчи кылгылары келди. Бирок бир туугандары, үй-бүлөсү аларга каршы болушту. З.Пазылова — окуу бөлүмүндө программист болчу, сабактардын жадыбалын түзчү. Коллективдеги нааразычылыктардан улам (окутуучулар жадыбалга сабактарын койдурганы келсе, “кыйкырып, урушуп коюп бербей жатат” — деп арызданышканынан), аны адистиги боюнча “Нефти жана газ иштери” бөлүмүнө окутуучу жана лаборатория башчысы кызматына (0,5 ставкада) өзү менен макулдашып эле которгом. З.Байзакова – соода техникумун бүтүп, магазинчи болуп иштеп келип, окуу жайда китепкана башчысы болуп иштечү экен. Кесибиңиз боюнча иштеңиз деп, экономика бөлүмүнө лаборант кылып котордум. Маданият техникумунун китепканачы адистигине тапшырып, 1-курста окуп жатат деген тактамасын алып келди эле, атайын каражаттан ачылган 0,5 ставкада китепканачы штат бар экен, ошону кошуп бергем. М.Эргешов – жумушка мен алгам, “үй-бүлөм Россияда, жумуштан кийин барып, от жагам, тамак жасайм, өзүм жалгыз кыйналып кеттим” – деп, ордуна К.Масировду дайындап, ушул жылдын февралы айында арызы менен кеткен. А.Закирова — комендант болчу, пенсионер болгондуктан материалдык жоопкерчиликтен бошотуу үчүн, өзүнүн арызынын негизинде эле техникалык кызматка которгом. Б.Назарбаева — тарых илимдеринин кандидаты, окуу жайдын усулчусу (штат өзүнүн каалоосу боюнча берилген). Педагогикалык ишмердүүлүгүнө келсек, мага студенттердин атынан оозеки дагы, жазуу жүзүндө дагы бир нече арыздар түшкөн. Ал арыздарда Б.Назарбаеванын студенттерге жасаган одоно мамилелери, педагогикалык этикага туура келбеген кылык-жоруктары жөнүндө жазылган. Ошондой эле бөлүм башчылар Д.Исмайловадан, А.Дүйшөмбиевадан, Ж.Жусупбек кызынан жалпы билим берүүчү бөлүмдөгү (Б.Назарбаеванын бөлүмүндөгү) тартипсиздиктер жөнүндө билдирүүлөр түшкөн. Кочкор-Ата колледжинин 2019-жылдын 3-январындагы педагогикалык кеңешинин чечими менен кышкы сессияда одоно кетирилген кемчиликтер үчүн Б.Назарбаевага эскертүү берилген.

2019-жылдын 7-октябрында өткөрүлгөн №12 административдик чогулушунун чечими менен Жалпы билим берүү бөлүмүндөгү сабактар өтүлбөй, үзгүлтүккө учурагандыгына жана окуу процессин жүргүзүүдө тартип бузуулар болуп жаткандыгына байланыштуу бөлүмдүн башчысы Б.Назарбаевага сөгүш берилген.

Прокуратурага жана Билим берүү министрине жазылган (2019-жылдын ноябрь айында) каттардын негизинде Кочкор-Ата колледжинин кесиптик уюмунун жалпы чогулушу өткөрүлгөн. Ал жыйында Б.Назарбаеванын каты боюнча КАКтын кесиптик уюмунун

жыйынынын токтому кабыл алынган. Прокуратура тарабынан да Б.Назарбаеванын каты изилденип, колледждин жетекчилигине сунуш берилген. Берилген сунуш боюнча Б.Назарбаевага бөлүм башчылык менен лаборатория башчылыктын эмгек акысындагы айырмачылык (4455 сом) төлөнүп берилген.

— Демек, Сизге коюлган күнөөлөр негизсиз экен?

— Ооба, негизсиз. Профсоюзга келсек, прокуратурадан текшерип келгенде “профсоюзуңар мыйзамдуу эмес экен, мыйзамдаштыргыла” — деди десем, “мыйзамдуу эле болчу, Сиз келгенде эле мыйзамсыз болуп калабы?” — деп, мени күнөөлөгөнгө өтүштү. Бирок жакында профсоюз мыйзамдаштырылып, күбөлүк жана мөөр алынды. Сабактарын өтпөй эле, студенттерди талаа иштерине колдонуп, жазында пахта ототуп, күзүндө аны тергизип, шалы ототуп, отун тергизип, студенттерден акча чогултуп, өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон, жегич кызматкерлер мыйзамга баш ийгиси келбей, бет тырмачылык кылып, беттериндеги көөнү мага да жапкысы келип жатышат. Өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн эч кимге премия деле, командировка деле жазып берген эмесмин.

Менин үстүмөн жазылган катка кол койгон отуздай кызматкердин жарымы катта эмне жөнүндө жазылганын билбей кол койгонун айтышты. Анткени алардын көпчүлүгү техникалык кызматкерлер болгон. Алардын айлыгын дээрлик эки эсеге чейин жогорулатып бергем (3 миңден 6 миңге чейин), ошондуктан мага алардын капачылыгы жок экендигин билем.

— Сиз мурдагы билим жана илим министри К.Исаковго өзүңүз келип кайрылып көрдүңүзбү беле?

— Келсем эмнегедир киргизбей коюшкан, анткени карантин башталып калган эле. Анан ага кат жолдоп, жамааттагы 60 кызматкердин, жүздөгөн студенттердин да мени колдоп, Каныбек Абдуваситовичке жазган кайрылуусу бар. Ошондуктан биздин кайрылуубузду да текшертип көрсөңүздөр болот. Мен ишенем менин кайрылуум эгер министрге жетпесе, чырдын чоо-жайын «Кут Билим» гезити аркылуу таанышат деп. Ошондон кийин мыйзамга баш ийбеген, колледжди коррупцияга белчесинен батырган, менин үстүмдөн жазып, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жаткан жогорудагы кызматкерлерге өзүнүн туура баасын берип, мени негизсиз каралаган кызматкерлердин 5-10 жылдан берки жасалмачылык менен алган айлыктарын текшертип, уурдаган акчаларын мамлекетке кайтартат деп ойлойм. Министрге жазган кайрылууга кол койгон кызматкерлердин кол тамгаларын, түшүнүк катка койгон колдору менен дал келе тургандыгын экспертиза аркылуу текшертүүгө болот.

Коррупцияны гүлдөтүп, окуу жайды акча жасаган фабрикага айландырган, тартипсиз, ийгиликтерди көргүсү келбеген, бөйрөктөн шыйрак чыгарган жеп-ичерлердин көрө албас мамилелерине, Президентибиздин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча демилгелерди жетекчиликке алып, жүргүзүп жаткан иш-аракеттериме министр мырза туура баа берип, менин кайрылуумду таптырып, жеке өзү карап, талдап, акыйкат чечим чыгарат деген ишеним чоң.

— Арызчыларга, текшерүүчүлөргө карабай бир топ иштерди аткарыпсыз. Ошолорго токтолуп кетесизби?

— 2018-жылдын 17-19-декабрында тогуз адистик эл аралык аккредитациядан өткөрүлдү. Студенттердин суроо-талабы боюнча Масы-Колледж маршруттук каттам уюштуруп бердим. Базар-Коргон, Ноокен райондорунун айылдарынан келип окуган студенттер суукта үшүбөй, таксиге караганда эки эсе арзан жол кире төлөп, сабактан кечикпей келе баштады. 2019-жылы колледжде “Коррупцияга каршы күрөшүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу жылы” деп жарыяланып, студенттерден акча чогултмай токтоду, студенттердин сабакка катышуусу 80-90%га жакшырды. Сынактар компьютерде алына баштады.

Окуу жайдын короосуна шаардык мэриянын колдоосу менен 2,7 млн. сомдук кичи футболдук аянтча курулду, подвалда студенттер үчүн эс алуу борбору ачылды, кол жуугуч, окуу жайдын короосуна эс алып отурганы отургучтар жасатылды. Ошондой эле окуу корпусунун кире беришине сыйлыктар коюлуучу бийиктиги 3 м., туурасы 4 м. болгон шкаф, бийиктиги 1,5 м. беш гүл челек кое турган 26 даана гүл койгуч, окуу корпусунун 1-2-кабаттарынын фоесине англис тилчилерге жарым тайпалар үчүн жаңы эки аудитория жасадык, адистиктерге зарыл болгон окуу китептери сатылып алынды.

Спорт залга эркек балдар чечинип, кийине турган бөлмө, студенттердин өтүнүчү боюнча спорт залдын жанына душ жасалды. Көрнөк-жарнактар жаңыланды. Колледждин короосу жаркырап, гүл бакчага айланды. Эми жатакана, автомектеп ачканы даярдыктар көрүлүүдө.

Мурда жүдөп турган колледждин короосу жаркырап, гүл бакчага айланса, колледждин артындагы таштандылар тазаланып, студенттик кафеге айланууда. Жасалып жаткан жумуштарга ата-энелер, студенттер, шаардын эли, жетекчилер да ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

2019-жылы апрель айында Чолпон-Ата шаарында “21-кылымдын интеллектуалдары” аттуу эл аралык (Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) конкурста нефти газ иштери адистигинин 2-курсунун студенти байгелүү 1-орунду жеңип келди. Май айында жаш геологдордун республикалык конкурсунда биздин студенттер байгелүү 1-2-3-орундарды жеңип келишти. Шаардык, райондук деңгээлдеги бардык иш-чараларда биздин окуу жайдын студенттери байгелүү орундарды алып келүүдө. Анткени студенттер үчүн бардык шарттарды түзүп берип жатабыз.

Июнь айында Эл баатыры Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кытайдан, Россиядан, Өзбекстандан жана республиканын бардык облустарынан, Улуттук илимдер Академиясынан, ТалМУдан, ОшМУдан, БатМУдан, ЖАМУдан белгилүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр, обончулар жана башка коноктор келип, конференция жогорку деңгээлде өткөндүгү катышуучулар тарабынан белгиленди.

Мааракенин алкагында окуу жайды негиздеп, түптөгөн, СССРдин электрондук өнөр жайынын ардактуу кызматкери, Кочкор-Ата шаарынын ардактуу атуулу Абдибакы Маманов атындагы “Кочкор-Ата колледжинин тарыхы” музейи ачылды. Ошондой эле облустук спартакияда болуп, спорттун жети түрү боюнча мелдештер уюштурулду.

Жогоруда аткарылган иштер, уюштурулган иш-чаралар бир гана жылда аткарылды. 2019-жылдын жыйынтыгы менен республикалык “Мыйзам мейкини” гезити тарабынан “Жылдын мыкты директору” деп табылып, диплом менен сыйландым. Өмүр бою ак иштедим, ак кызматымдын натыйжасында мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да сыйлыктарга ээ болдум.

— Аралыкта окутууда кандайдыр бир кыйынчылыктар болдубу?

— Билим берүү жана илим министринин буйругун ишке ашыруу максатында коронавируска байланыштуу аралыктан окутууну уюштуруу боюнча комиссия түзүлүп, антикризистик план жана аралыктан окутуунун жобосу иштелип чыкты; аралыктан окууга мүмкүнчүлүгү жок студенттер аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жардамдар берилди; “Мыкты санариптик сабак”, “Мыкты электрондук тайпа”, “Мыкты электрондук бөлүм” сынактарынын жобосу иштелип чыгып, учурда жобого ылайык электрондук тайпаларда сынактар жүрүп жатат; Бишкектеги Автожол-унаа колледжинин директору Асылбек Шамурзаевичтин жана эксперт Динара Кадыркуловнанын жетекчилиги менен иштелип чыккан Moodle билим берүү порталы аркылуу аралыктан окутуу системасын колдонуп, видеосабактар өтүлдү; ZOOM, WhatsApp, GoogleКласс тиркемелери аркылуу аралыктан окутууда кайтарым байланышты бекемдөө көйгөйлөрү чечилди; окуу бөлүмү тарабынан аралыктан окутуу жараянына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп жатат; мамлекеттик практикалар, мамлекеттик аттестациялар да онлайн режиминде өткөрүлүүдө.

Окуу жайда тынымсыз санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жамааттын бир күндүк эмгек акысы ыктыярдуу финансылык жардам катары которулуп, окуу корпусуна күзөттөр уюштурулган. Өкмөт тарабынан бекитилген “Бак дарак отургузуунун улуттук күнүндө” окуу жайдын короосуна 20 түп арча, 200 түп роза гүлү жана 200 түп ар түрдүү гүлдөр эгилди.

Студенттерге, кызматкерлерге, ата-энелерге таажы ылаңынын жайылып кетишин алдын алуу максатында аралыктан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана окуу жайдын жамаатынын бир күндүк эмгек акысы таажы ылаңынын жайылуусуна каршы ыктыярдуу финансылык жардам катары (30 миң сом) которулду. Электрондук тайпалардын арасында “Биз коронавирусту жеңебиз!”, “Улуу жеңишке 75 жыл”, “Биз коррупцияга каршыбыз” жумалыктары өткөрүлдү, учурда “Абитуриент-2020” айлыгы жүрүп жатат.

Биздин максат — санарип технологияларын колдонуу менен студенттерге сапаттуу билим, тарбия берүү жана жергиликтүү талапка ылайык адистерди даярдоо аркылуу студенттердин, ата-энелердин, шаардын, коомдун, мамлекеттин алдындагы окуу жайдын беделин, жоопкерчилигин жогорулатуу; инвестиция тартуу менен интернет класстардын, электрондук китепкананын сапатын жогорулатуу, окуу жайдын сыртын, аудиторияларды заманбап көрүнүшүкө келтирүү аркылуу колледждин техникалык базасын чыңдоо; электрондук бөлүм, электрондук тайпа, электрондук журнал, электрондук зачетка, электрондук бухгалтерия жана бирдиктүү терезеге өтүү менен электрондук тейлөөнүн сапатын жогорулатуу аркылуу коррупцияны жоюу.

Кесиптештери эмне дейт?

К.М.Эгембердиев, КРнын билим берүүсүнүн отличниги, Кочкор-Ата колледжинин экономисти, директордун экономика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси:

— 2019-жылдын июнь айында “Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүндөгү Дооронбек Садырбаевдин орду” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияны колледждин директору Э.Молдокеримова эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Анда Дооронбек Садырбаевдин коомдук ишмердүүлүгү, кыргыз кино искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы, анын акын, жазуучу, публицист катары адабиятка, кыргыз маданиятына кошкон салымы жөнүндө үч секцияда баяндамалар окулуп, талкууланган.

Базаркул Артыков, Кочкор-Ата колледжинин окутуучусу, обончу, акын, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери:

— Эктибар Карабековнадай иш билги, чынчыл, адамгерчиликтүү, мыкты уюштуруучу, жоопкерчиликтүү жетекчини көргөн жокмун. Ар бир студентке өзүнүн баласындай кам көрөт, жаматтын ар бир мүчөсүнө өзүнүн ата-энесиндей, бир тууганындай мамиле жасайт. Эктибар директор болуп келгенден жумушка алган кадрларды да анализдеп көрдүм, бардыгы тажрыйбалуу адистер, КРнын билим берүүсүнүн отличниктери. Кыскасы, “Баарын адистер чечет” демекчи, жалаң мыкты адистерди жумушка алганынан дагы Эктибардын иш билги жетекчи катары, баарынан студенттердин кызыкчылыгын жогору койгону көрүнүп турат. Өткөн жылы окуу жайда Эктибар Карабековнанын уюштуруучулугу менен мен байкагандан чоң-чоң ийгиликтер болду.

Инабат Топчубаева, Кочкор-Ата колледжинин ата-энелер комитетинин төрайымы:

— Эктибар Молдокеримова директор болуп келгенде эле тиешелүү жетекчилер менен сүйлөшүп, студенттерге Масы-Колледж деген маршруттук каттам уюштуруп берди. Анткени, Базар-Коргондон, Ноокен районунун айылдарынан да студенттер күндө барып келип окуйт, таксиде күнүгө 80 сомдон, ал эми маршрутка 30 сом. Директор студенттерге дайыма моралдык жана материалдык колдоо көрсөтөт, ар күнү сабактарга кирип, сабактар кандай өтүп жатканын, группада кандай көйгөйлөр болуп жатканын сурап, студенттердин кызыкчылыктарын коргоп, студенттердин окуусуна, эс алуусуна шарттарды түзүп берип жатат. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын колдоосу менен студенттерге кичи футболдук аянтча курдуруп берди. Студенттер танапис учурунда эс алып отурганы окуу жайдын короосуна отургучтарды жасатты, окуу жайдын төмөнкү биринчи кабатын (подвалды) таштандылардан тазалап, студенттер үчүн эс алуу борборун уюштурду. Колледждин студенттери шаарда, райондо, облуста гана эмес, эл аралык конкурста биринчи орунду багындыра баштады. 2019-жыл директордун буйругу менен колледжде “Коррупцияга каршы күрөшүү жылы” деп жарыяланып, экзамен, зачеттор студенттердин билимине, сабакка катышуусуна жараша алына баштады, студенттердин сабакка катышуусу жакшырды, окутуучулардын студенттерге, окутуп, тарбиялоого болгон мамилелери кескин өзгөрдү. Ата-энелер да сессияларда балдары акча сурабай калгандыктан, балдары сабак даярдап, сабактан калбай, жакшы окуп жатканына Эктибар Карабековнага ыраазычылыктарын айтышууда. Кадрдык өзгөрүүлөргө студенттердин да пикири эске алына баштады, студенттердин суранычы боюнча тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп, Замира Алимжановна дайындалды. Директор студенттер үчүн адамгерчиликтин, мээримдүүлүктүн, чынчылдыктын, акыйкаттын үлгүсү деп эсептейбиз.

Анипа Акматова, Кочкор-Ата шаардык аялдар кеңешинин төрайымы, шаардык кеңештин депутаты:

— Э.Молдокеримова илимий-коомдук ишмердүүлүгүн адабий чыгармачылык менен да айкалыштырып келет. Кочкор-Ата колледжинин Гимнин жазган, обону белгилүү обончу, Маданияттын мыкты кызматкери Б.Артыковдуку, афганчылардын Гимнин жазган, обону КРнын Эмгек сиңирген Артисти К.Турсункуловдуку. Ошондой эле “Ак тилек” ырлар жыйнагынын, “Чоң атамдын жомогу” макалалар жыйнагынын, “Өрнөктүү өмүр баяны” китебинин автору, Рысбай Абдыкадыровдун чыгармаларынан “Мектебим”, “Издейм сени”, “Туулган жер”, “Жолугарым билгенмин” аттуу ырлар жана макалалар жыйнагын түзгөн. Молдокеримова Эктибар үй-бүлөдө бактылуу эне, бактылуу жар. Бир уул, бир кыздын энеси, уулу актоочу болгусу келет, укук таануу адистигинин 4-курсунда окуйт, кызы педагогика адистигинде 2-курста окуйт, жолдошу Абдыганы Акматов райондогу №68 лицейдин директорунун орун басары болуп иштейт. Эктибардын адамгерчилиги, мээнеткечтиги, мекенчилдиги, уюштуруучулугу, боорукердиги, кыргыз элине жасаган ак кызматы, басып өткөн байсалдуу эмгек жолу келечек муундарга өрнөк болот деп ишенебиз.

Закиржан Иманкулов, ЖАМУнун физика кафедрасынын башчысы, ф-м.и.к., доцент:

— Эктибар Карабековна 1995-жылдан ЖАМУнун физика кафедрасында адегенде лаборант, лаборатория башчысы, окутуучу, улук окутуучу болуп иштеп, 2014-жылы “Физиканы окутууда дидактикалык оюндар аркылуу окуучуларды активдештирүү” темасында педагогика илимдери боюнча кандидаттыгын жактап, 2014-жылдан ЖАМУнун доценти болуп эмгектенип келген. ЖАМУнун 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурста “Мыкты окутуучу” наамын (2003-ж), 2011-жылы ЖАМУнун “Мыкты усулчусу” наамын жеңип алган. ЖАМУнун, КРнын билим берүү жана илим министринин Ардак Грамоталарынын жана “КРнын билим берүүсүнүн мыктысы”, “ЖАМУга эмгек сиңирген үчүн” төш белгилеринин ээси. Эктибар физика кафедрасында 25 жылга жакын иштеп, студенттердин жана кафедранын мүчөлөрүнүн арасында кадыр барк тапты жана өзүн жоопкерчиликтүү, чынчыл, ак ниет педагог, мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алды. Биз Эктибар менен сыймыктанабыз. Тажикан Самидинова, “Ноокен айымдары” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, персоналдык пенсионер: — Эктибар илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү менен катар “Ноокен айымдары” коомдук бирикмесинин төрайымы. 2013-жылы айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында айылдык аялдардын көйгөйлөрүн чечүүдө элдик жана биологиялык ыкмаларды колдонуп, үй-бүлөлүк кирешени жогорулатуу максатында Арал айылында 38 аялдан турган 7 топ түзүп, аларга помидор, бадыраң, сабиз, пияз, картошка уруктарын бекер алып берип, парниктен баштап, консервалоо иштерине чейинки окууларды бекер уюштуруп, айылдык аялдардын үй-бүлөлүк бюджетин толтурууга жардам берген. 2015-жылы майда Дөөлөт-Ата эс алуу борборунда “Аялдар — коомдун кыймылдаткыч күчү” аттуу аялдардын Эл Аралык конференциясын уюштуруп, ага

Кытайдан, Россиядан, Казакстандан ишкер аялдар, Жогорку Кеңештин депутат айымдары катышып, аялдардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланган. Ошол эле жылдын августунда конференцияда кабыл алынган резолюцияны ишке ашыруу максатында Ноокен районунда жашаган 1000 аялга Кыргызстан демократиялык аялдар тармагынын колдоосу, ЮСАИД уюмунун демөөрчүлүгү менен онкологиялык оорулардын алдын алуу максатында акысыз медициналык кароо өткөргөн. Биздин коомдук бирикме Эктибардын демилгеси, жетекчилиги менен энелерге, балдарга, майыптарга, таланттуу балдарга арналган иш-чараларды уюштуруп турабыз.

Уланбек Мокеев, республикалык Р.Абдыкадыров атындагы коомдук фондунун аткаруучу директору:

— Эктибар Молдокеримова 2011-жылдан бери республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдук фондунун Жалал-Абад областы боюнча координатору болуп иштөө менен, залкар обончу-композитор Р.Абдыкадыровдун чыгармачылыгына арналган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп келүүдө. 2011-жылы Р.Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесине карата Ноокен районундагы Дөөлөт-Ата эс алуу борборунда Эл Аралык конференция уюштуруп, ага Түркиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Россиядан окумуштуулар, музыка изилдөөчүлөр, Эл артисттер, Эл депутаттары, Эл жазуучулар, музыка сүйүүчүлөр келип, кызыктуу жана пайдалуу баяндамаларды жасап, Рыспайдын чыгармаларынын чет өлкөлөрдөгү абалы жана аны изилдөөнүн, жайылтуунун жолдору жөнүндө кызыктуу маалыматтарды беришкен. 2012-жылы Кочкор-Атада нефтичилердин маданият үйүндө Жогорку Кеңештин, айылдык кеңештердин депутаттарынын демөөрчүлүгү менен Рысбай Абдыкадыровдун балдар ырларынын Эл аралык фестивалын өткөрдү. 2016-жылы Мургаб кыргыздарына да барып, Рысбайдын ырларын аткаруучулардын фестивалын өткөрүп келген. Анын жетекчилиги менен жыл сайын залкар таланттын туулган күнүндө эскерүү кечелерин, чыгармачылык жолугушууларды, конференцияларды өткөрүп, анын чыгармаларын изилдөөдө, жайылтууда өзүнүн уюштуруучулугун, мекенчилдигин көрсөтүп келе жатат.

Булак: Элгезит