Бишкек мэриясы Нариман Түлеев мэрлык кызматты мыйзамдуу алып барып жатканын жарыялады.
«Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, расмий түрдө баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев бар экендигин билдиребиз. Ал мыйзамдуу түрдө экс-мэр Азиз Суракматов тарабынан дайындалган (КРнын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 5-пунктунун 1-бөлүгү, 21-беренеси жана 27-беренеси), анын кызматтан кетиши анын президенттин милдетин аткаруучу тарабынан 2020-жыл 21-октябрда кабыл алынган", - деп жазылат мэрия тараткан маалыматта.
Эске салсак, Суракматов Түлеевди мэрлик кызматка калтырганы менен анын бул ишти аркалашына каршы чыккандар да табылган. Бир нече адамдан турган топ мэриянын имаратына барып митинг өткөрүшүп, Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Андан улам Нариман Түлеев канча бир убакытка чейин тыныгуу алууга аргасыз болгон.