Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кайрадан Бишкекке келет. Айрым маалыматтарга караганда, Түлөбаев губернаторлук кызматын тапшырат. Аны Бишкекте президенттин иш башкармалыгын жетектөө милдети күтүп турат.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, тийиштүү жарлыкты президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн чыгарат.
Эске салсак, 6-октябрдагы толкундоолордо Балбак Түлөбаев губернаторлуктан кетүүгө арыз жазган. Бирок жергиликтүү эл анын ишин уланта беришин суранышкан.