“Өлкөбүздө болуп өткөн акыркы саясий окуяларга байланыштуу адамдардын массалык топтолушу, алдын алуу иш-чараларынын сакталбагандыгы өз жемишин берүүдө, оору күч алууда”, - деп белгиледи брифингде саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев. 

Ошондой эле, ал сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү сандагы орундарды даярдоо, дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен камсыз кылуу азыркы тапта приоритеттүү милдеттердин бири экенин белгилеп кетти. Министрлик башка оорулары бар бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.