"Менин балам Ханбото бажыга жакында эле кирди, бир айдай болуптур. Курулуш компаниясында иштечү, конкурска көптөн бери катышып жүрүп, былтыр өткөн. Быйыл эми кезеги жетиптир. "Азаттык" Райымдын (Райымбек Матраимов - ред.) империясына кошуп койгон экен, суроолор көбөйдү, жооп берип коеун.
Бото дежуркада олтурат, жумушу ошол, 1 күн иштеп 3 күнү бош. Дал ушундай расписание үчүн киргем дейт, анткени жеке үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, башка да жумуштары бар. Райым билбесе да керек, баламдын бажыга орношконун.
Мен балдарымды атамдан кандай тарбия алган болсом, ошентип тарбиялайм. Атам мени достору аркылуу жумушка киргизген эмес, мен дагы антпейм. Жогорку окуу жайды бүтүп жумушуна киргенде айткам: "Сенин фамилияң Борбиев, 1 сом пара алсаң, менин 30 жыл кашыктап чогулткан абийримди төгөсүң. Андыктан акчадан кыйналсаң мага кел, дегеле сарамжал жаша", - деп ата катары айтканым бар. Балдарым мени уят кылбай, элине атасындай, чоң ата, дегеле жети атасындай кызмат кылат деген ниеттемин.
Атаныкы балага жукпайт, бала өзү жол салбаса атанын жолунан адашып кетет. Анткени, ата түбөлүк баласынын жанында боло албайт.
Баланы тим коюш керек өз оюна, кыйналат, бирок өз жолун таап кетет", - деп жазды ырчы Бек Борбиев соцтармактагы баракчасына.