Бакай “Манасыпатталат. Ушул ыр саптарындагы ойдун чындыгын ырастагандай, Манастын өзү да эпостун сюжетинде: “Маңдайымда барааным, байтерек Бакай карааным, айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым”- деп сырын төгөт. Демек, Манас менен Бакай бири-бири менен өзгөчө терең мамиле менен ширелишкен, бири-бири менен жаны бирге, эпостун өзүндө айтылгандай, “ак буудайдын унундай жуурулушкан, ак бөкөндүн кылындай суурулушкан” достор.

Перевод слова «БАКАЙ» с Кыргызского на Кыргызский язык | Эл-Сөздүк

Бирок бул экөөнүн сырдаштыгы, муңдаштыгы жөнөкөй гана пендечилик деңгээлдеги ынактык эмес, демейки көртирлик ынтымагы эмес, же болбосо, туугандыктан келип чыгып отурган биргелик эмес. Бул экөөнүн ширелишкен достугунун мотиви өзгөчө, бөлөкчө. Экөөнүн достугу башкача “материядан” жаралган. Баатырлардын өз ара жуурулушкандыгынын себептерин алардын интеллектисинин, көкөлөгөн акыл-ой маданиятынын жана патриоттук рухунун бийиктигинен издөө кажет демекчибиз. Айкөлгө чоро, жолдош, дос болчу адамга коюлуучу, башкы чен өлчөм - терең байкасак, шериктештин Манас менен идеялаштыгы, мүдөөлөштүгү, тилектештиги, жүрөктөштүгү, дилдештиги, өзөктөштүгү жана көйкашка баатырдыгы экен. Манастын ак калпак кыргызды азаттыкка чыгаруу боюнча алдына койгон мекенчил мүдөөсү ыйык жана бийик мүдөө. Бийик мүдөөнү жүзөгө ашыруу зарылчылыгы бийик адамдык сапаттарга муктаж. Ушул муктаждыктан чыгып, Манас руханияты бийик рыцарды, жолборсту, жүрөгүндө жалы бар шерди, “тар жол, тайгак кечүүдө” тагдырлаш Ак кан досту издейт. Айкөлгө идеялаш, мүдөөлөш, тилектеш, өзөктөш болуу деген нерсенин – бул чабылып-чачылып, азап-тозок тарткан кыргыз элин кулчулуктан куткаруу үчүн Манасча карууну казык, башты токмок кылуу, Ата журт үчүн Манасча жанды курман кылууга даяр турган берен болуу, “калмак, кытай, манжууга качырып найза сунууга” жарамдуу көкжал болуу, Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак калктын мамлекеттүүлүгү үчүн антка-шертке бекем туруу деген кеп экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Эгерде мындай чоң жүктү аркалоого жарамсыз болсо, киши тууган да болсо Манастын муңдашы, сырдашы боло албайт. Байкасак, Бакай те жаш чагынан тарта эле баскынчы душмандын таманы алдында тепселип, кор болгон Ата мекени үчүн күйүт чегип, бир боор эл-журтту кулдуктан куткаруу үчүн жоого каршы жол баштаар баатырдын чыгышын эки көзү төрт болуп күтүп, эгер ошондой көк жал шер эл ичинен чыкса, аны менен “чалгынды бирге чалууга, доону бирге доолашууга, жоону бирге жоолашууга” даяр болуп, а түгүл ошондой шерди жер кыдырып, эл кыдырып издеп да жүргөн экен. Эгерде бир боор элимди кулчулуктан куткарар шер чыкпаса, андай шер менен биригип күрөшкө чыга албасам, кыргыз журту чачылып-чабылган бойдон акыры, жок боло турган болсо, анда эли-журтумдан ажырап, ата мекенсиз бу жарык дүйнөдө жашоонун эч кандай мааниси жок, бу көрөкчө өлүп калган артык, деп Бакай оор, трагикалуу санаага батып турат. Капыстан Алтай тараптан Манастын атагы дүңгүрөп угулганда, Бакай энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп: “оо өчкөн отум тамган бейм, өлгөн жаным тирилип, кудайым тилегимди берген бейм”,- деп тебетейин көккө ыргытып, жаш баатырга кошулууга ашыгыптыр. Бул жерде Бакайга жолуккан Манастын бактысы тоодой деп кантип айтпай кое алабыз. Манас өзү эңсегендей, телегейи тегизди, өзүнө теңтуш эгизди, өзү катарлуу эрди, идеялашты, мүдөөлөштү таап отурат. Манас Бакайдын «ажалдан кайра тартпаган, атышкан жоодон кайтпаган шердигин, билбегенди билгизген билгичтигин, туйбаганды туйгузган туйгундугун түшүнүп, эл-жер деп соккон жүрөгүн тыңшаган соң, кудайымдын бергени ушул деп, чечекейи чеч болуп: “Тулпардын башын буруп бер, ата болуп өзүмө, тутка болуп туруп бер, кара жаак айбалта кайкалатпай аштаңыз, казак менен кыргыздын, жолун өзүң баштаңыз”,- деп абасына кучагын ачып, ак көрпө жайыл болот. Кыскасын айтканда, Манас менен Бакайдын өз ара жуурулушкан биримдигинин тамыры журт боштондугу, ак калпак кыргыздын эркиндиги үчүн, көз карандысыз кыргыз хандыгын, мамлекетин түзүү, “кулаалы жайып куш кылуу, куранды жайып журт кылуу” үчүн “башты канжыгага байлаган” каарман күрөштүн улуу идеясына барып такалат. Ошон үчүн жогоруда эки кеменгердин достугунун мотивин алардын интеллектисинин тереңдигинен жана акыл-эс бийиктигинен издөө зарыл, деп бекеринен айтпаганбыз. Алардын биримдиги Улут кызыкчылыгы деген улуу «материядан» агып чыгат. Бул жагдайды академик Болот Юунусалиев “өскөн жерди, туулган элди сүйүү мотиви каармандардын кылган аракеттерине, кулкмүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат”, деп туура белгилеген (Юнусалиев Б. Кириш сөз. –Китепте: Манас, Фрунзе, 1958, 30-б). Экөөнүн достугу, дагы айталы, бийик идеялык чекиттен кездешкен философиялык достук. Ата журт эркиндиги философиясы эки шер үчүн эч нерсе менен алмаштырылгыс эң жогорку дөөлөт. Ушул жогорку дөөлөткө кызмат кылууну экөө өмүрдүн маңызы катары санашат. («... калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» - Манас). Экөө ички ой-тилек, мүдөө-максат жагынан эгиздер. Эки шердин ичтен ширелишкендигинин, жуурулуушкандыгынын себеби ушул жерде. Экөөнүн дүйнөгө кең карагандыгы, айкөлдүгү ушунда деңиз, булар өмүр бою бири-бирине терс караган жок, майдачылыктан өйдө турушту, кандайдыр бир ич күйдүлүктөн, көрө албастыктан оолак болушту. Даражага манчыркашпады. Бийликтин мүмкүнчүлүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыктарынын артынан кубалап, байлык топтоого, көрдүнүйө чогултууга азгырылышкан жок. Элдик ыйык улуу мүдөөлөрдү башкага алмаштырышпады. Өмүр бою бири-бирин алдаган жок, бирибирин саткан жок, бири-бирине чыккынчылык кылган жок. Өздөрүнүн идеалдарына, мекенчил, патриоттук мүдөөлөрүнө жана достук мамилелерине ак бойдон, таза бойдон кала беришти. Максат кууган жолдогу таза мораль, таза кызматташтык, таза мимиле экөөнү ого бетер өзөктөш, жүрөктөш, дилдеш кылды. Мындан улам Манас менен Бакай бирин-бирин ого бетер урматташып, ыйык тутушуп, ынтымактары улам болоттой бекемделип турду. Манастын даанышман алп Кошой менен да жаны бирге. Кошой ар дайым, качан, кай жерде болбосун: “о кудурет, уккун кебимди, сындыра көрбө белимди, жараткан өзүң колдой көр, кабылан Манас шеримди”,- деп кудайга жалынып турат. Эмне үчүн? Манас Кошойдун өзүнүн кара чечекей баласы беле? Жок, окурманым, мунун тереңинде өзүнчө сыр жатат. Кошойдун Манас дегенде ичкен ашын жерге койгондугунун, Манас дегенде керек болсо, өлүп бере тургандыгынын, Манаска болгон абакелик, аталык сүйүүсүнүн мотивациясына дагы бир жолу үңүлүп көрөлүчү. Мотивация деген нерсе, терең байкасак, анын чын жүрөгүнөн от болуп жанып чыккан сөздөрүнөн, чырактай жанып турган ойлорунан, Манаска болгон ак жаркын мамилесинен көрүнүп турат. Манастын өрт болуп күйүп турган көзүн, ойротто жок ченебегендей кайратын, кандан, бектен, оттон-суудан кайра тартпаган, өлөр-тирилерине карабай, душманга кызыл өрт болуп бүркүлгөн шердигин, эл-жеринин эркиндиги үчүн башын канжыгага байлап, “кыл чайнап” турган атуулдук жалындуу жигерин, ташкындаган рух күчүн, “кулаалы жайып, куш кылууга куранды жыйып журт кылууга” болгон чечкиндүүлүгүн, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей, журтунун чегин кайтара турган кабыландыгын, сезип турат. Улуттун мүдөө-таламдарынын, келечегинин стратегиялык багыттарында акыл тегереткен гениалдуулугун, айкөл адамгерчилигин, сөзү менен ишинин төптүгүн, анын ак калпак кыргыздын бактысына жаралгандыгын, анын жарык-шарапаты менен кыргыздын жок болуудан аман калуу мүмкүнчүлүгүн, Манастын кор болгон эл үчүн КУТКАРУУЧУ экендигин, кыргызга дал ушундай көк жал башчынын керектигин жана да Манас аркылуу кыргыздын айы менен күнүнүн тууп тургандыгын Кошой өзүнүн көрөгөч баамы, акылмандыколуялык туюму менен сезип да, көрүп да турат. Мына ошон үчүн Кошой карыя ар качан «ак сакалы жаркылдап, келгин каздай баркылдап» Манас тууралуу: “Бузулуп кеткен аз журтка, берен да ошол, мээ ошол, мээнеттеги кыргызды, бек кайтарчу ээ ошол”, - деп айлана -тегерегине жарыялап турат. Белгилеп өтө турган нерсе, Кошой Манастын кеменгерлигине басым жасап, мобу сөзүндө айкөл баатырды, кыргыздын ойлоно турган мээси деп адаттан тыш баалап, көкөлөтүп отурат. Мынакей, Кошойдун Манас дегенде элеп-желеп болуп, түн уйкусун үч бөлгөн бөтөнчө мамилесинин түпкү мотивациясы кайда жатат? Манастын куткаруучу миссиясы, чынында Кошойдун да мисиясы, улутту сактоо Кошойдун да өмүр бою көксөгөн мүдөөсү, эңсеген тилеги. Ушул максат деп ал Жети өзөндө жетимиш жеринен жарадар болуп, желмогуздар менен кармашып жашап келбедиби. Акбалтанын алиги: “Абаң Кошой эр ошол, арбагы бийик жан ошол, жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, азган-тозгон кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып,» - деген сөздөрүн эстейличи. Демек, образдуу айтканда, Манас Кошойдун эгизи, болгондо да идеялаш, рухташ,максатташ эгизи. Экөө Ата журт философиясы менен тамырларынан биригишкен. Ошон үчүн «Манас үчүн курман кылам жанымды» деген сөздү Кошойдун тилинин учунан эмес, жүлүнүнөн чыгып жаткан сөз катары түшүнөбүз. Ушул жерден бир ойду айта кетүүнү эп көрөбүз. Кошойдун кенендигин карачы. Алыскы Алтайдан келген Манасты биринчи эле көргөндө, ага кандай укмуш сөздөрдү марттык менен арнады. “Кабылан”, “Шер”, “Туйгунум”, “Кудай бериптир”, “Кыргыз журттун ырысы”, “Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды”, деп терисине батпай кубанып, чечекейи чеч болбодубу. Ала-Тоодо калган азган-тозгон биртике элдин башында турган хан Кошойдун калайыка башкөз болгон өзүммүн, сен кайдан чыккан кыйынсың дегендей, көкүрөк көтөргөн амбициялуу мамиледен, биринчилик ролду кызгануу, ыраа көрбөө, сокур намыс сыяктуу пендечилик илдет-оорулардан оолак турган рухий бийиктиги курсант кылат. Эл ичинен өзүнөн озо чыккан азаматка «туйгунум» деп жалбарып турат. Ушундан улам бүгүнкү замандагы кыргыз тукумдары, азыркы биз жөнүндө аргасыздан ойго түшпөй койбойсуң. Алдыга озо чыккан азаматка, лидерге, ичибизден чыккан кыйынга бүгүн биз Кошой баатырдай ак көрпө жайыл мамиле жасайбызбы? Бирөөнүн ишине, ийгилигине улут келечегин ойлоп, Кошойчылап барбалаңдап сүйүнөбүзбү? “Күлүктүн” арыш ташташынан рахат алып, аны Кошойчосунан сүрөөгө алган айкөлдүккө эгедербизби? Соңку кыргыз тукумдары майдаланып кеткенбизби? Карачы, чындыктын «чечекейин жара сайып», академик М.Адышовдун айткан мобу сөзүн: “Баары маданий деңгээлге байланыштуу болот. Мен баш болуп азыр бизде жетилген интеллигенция жок. Жетилген интеллигенциянын бир белгиси – ичи кең болот. Мыктысы чыкса сүйүнөт. Мыкты эмеси чыкса күйүнөт. А бизде тескери. Мыкты чыксаң күйүнөт…. Кор болсоң, колдоонун ордуна, байкушум деп башынан сылап кордойт. Бу биздеги оору эле эмес, трагедия!...”. Ырас эле, озуп бараткан “аргымакты” тизеге чаап чыгып, ага тиешелүү жакшы деген нерселердин бардыгын шылый чаап, караламай, мүдүрүлө элек “күлүгүбүзгө” бычагыбызды кайрап, тузак салып, ушунун атагы, бийлиги, байлыгы менде болсо, деп тилеп, жутунуп, көз артып турмай, өз ара чабышмай, тытышмай адатыбыз бүгүн жергебизде “гүлдөп” турат ко. Ушундай илдет колу-бутубузду тушап, оңоло албай, ооматыбыз келбей, очорулуп отурбайбызбы. Айталы дегенибиз, көрпенделик пас, көрө албас сезимдердин, ээк алдындагыдан башканы көрбөгөн тар түшүнүктөрдүн, арымы кыска ойлордун сазынан чыгып, бабабыз Кошойдун чалкыган көлдөй кенен, бай руханиятынын нугунда кайра жаралууга тийишпис. Биздин прогрессибиз коктунун эмес, коомун ойлогон, уруусун эмес, улутун ойлогон, жакынын эмес, жамаатын ойлогон, калктан жакшысы чыкса сүйүнгөн, жаманы чыкса күйүнгөн Кошойрухту насылбаа наркын өздөштүрүү аркылуу болмокчу. Ак кызматын, ата-журт деп жалбырттаган акыл-эсин көрүп Манас Бакай менен Кошойго агынан жарылып ачылат. Манас Бакайды “каплеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан” - деп көкөлөтсө, ал эми Кошойду болсо “алдыңда жүрсөм ак жолум, астымда жүрсөм сан колум, пайгамбар чалыш жан эле, бир туткан пирин ал эле” – деп даңазалап, сыймыктанат Мына ушинтип, Манастын, Бакайдын, Кошойдун ата-журт патриоттук философиясы менен ширелишкен жарандык улуу биримдиги, улуттун тагдыры жана анын келечек идеалдары үчүн баш кошушкан бекем ынтымагы ак калпак кыргыз элине, касиеттүү Ала-Тоого эңсеген эркиндикти, жеңишти жана бакытты алып келген. Каардуу баскынчы жоонун айынан дүйнөнүн ар кайсы бурчуна чачылып, улут катары жок болуп кетүү коркунучунда турган ак калпак кыргыз эли кайрадан Ала-Тоо ата-журтуна чогулуп, эңсеген эл эркиндигине жетишип, эгемендүүлүгүнө, мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп, өз алдынча журт болуп кайра түзүлдү, мындан ашкан жеңиш жана бакыт барбы? Бул даңктуу үч баатырдын даанышман акыл-эси, улуттун эңсеген идеалдары жана жаркын келечек үчүн баштарын канжыгага байлап, өрт кечкен эрдиктери, өлбөс өрнөктөрү тарыхтын тайгактуу, бороондуу жолдорунда бирде жеңип, бирде жеңилип, бирок «түгөнгөн сайын түтөгөн» кыргызга рухий энергия, дем, шык берип, жолду жарык кылган маяк, адаштырбас багыт, ориентир, жол карта, идеология болуп кызмат кылып келди. Манастын, Бакайдын, Кошойдун атажурт философиясы менен жуурулушкан жарандык-патриоттук улуу биримдигинин желегин кылымдарды аралай желбиретип көтөрүп жүрүп отуруп, кыргыз эли өзүнүн бүгүнкү эгемендүүлүгүнө жетип отурат. «Манастын» бул сабагын 21-кылымда да туу катары тутунуу аба менен суудай зарыл. Улуттун улуу мүдөсүнө кызмат кылган Манас,Бакай, Кошой үчөөнүн достугу-чыныгы достуктун эталону. Бүгүнкү Кыргызстандын президенти, Жогорку Кеңеши, Премьер-Министри улуу мурасыбыз – “Манастын” көрсөтүп турган ушул өрнөгүн көңүл чордонуна тутууга тийиш. XXI кылымдагы кыргыздын бүгүнкү эгемендүү мамлекети ушул бабалардай мекенчил, улутман, интернационалист руханий жол башчыларга жана даанышман лидерлерге муктаж. Манас – Президентке, Бакай – Жогорку Кеңешке, Кошой – Премьер-Министрге үлгү. Советбек БАЙ

Булак: "Майдан.kg" газетасы