Түркия аскердик техникаларын мыктылап, армиясын акыркы үлгүдөгү техникалар менен камсыз кылууда. Аз күн мурда Түркиянын автобустарды жана аскердик техникаларды чыгарууга адистешкен компаниясы жаңы үлгүдөгү аскердик машинаны чыгарды.

Өлкөнүн коргоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгылган аскердик техника эми мындан ары сериялык түрдө чыгарыла баштайт. Баарынан кызыгы, аталган танка “Манас” эпосундагы тулпардын атынан “Тулпар” аталды. Компаниянын жетекчиси Сердар Гергюч аскердик техника кыргыздын улуу эпосундагы легендарлуу канаттуу тулпардын урматына ушундай аталганын билдирди.

В Турции новую боевую машину назвали «Тулпар», вдохновившись эпосом «Манас»  » Общество » www.24.kg - КЫРГЫЗСТАН

Булак: "Майдан.kg" газетасы