Гезитибиздин өткөн санында Сапар Исаков менен Албек Ибраимов дале эркиндикте экенин, өлкөдөн сыртка качып чыгып кетиши мүмкүндүгүн жазганбыз. Биз жазгандай эле болду окшойт. Өлкөдөн чыгып кеткени маалым болду. Тактап айтканда, Францияга качып барып, ал өлкөдөн саясий башпаанек сураганы айтылууда.
Ошол эле мезгилде Сапар Исаковдун жакындары анын каякта экенин билишпей турганын айтышса, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева анын жанында эч кандай документтер болбогонун билдирди. Чек ара кызматы болсо Сапар Исаковдун чек арадан өтпөгөнүн маалымдады. Ошентип, “ийне жоготтук, көрдүңөрбү?” дегендей сары балашканы жоготуп, каякта экенин билбей турган чагыбыз. Таң калыштуусу, ЖАМК дагы деле Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго издөө жарыялай элек. Эмне, алардын сыртка чыгып, биротоло орун очок алууларын күтүп жатабы?
Булак: "Майдан.kg" газетасы