Депутат Айнуру Алтыбаева кыргызстандыктарды акча чогултуп, өлкөнүн тышкы карызынан кутултууга чакырды. Ал негизинен Кытайга болгон карыздан тез арада кутулуу зарылдыгын белгиледи. Депутат маалымат жыйынын өткөрүп, «Келечек үчүн» деген аталыштагы атайын кампанияны уюштурганын, банктан эсеп ачып, элден акча чогултууну ниеттенип жатканын билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, эсепке түшкөн акчаны көзөмөлдөө милдетин “Элдик кеңеш” деп аталган байкоочулар тобун түзүп, аларга берээрин айтты. Өзү болсо бир айлык маянасын - 25 миң 500 сомду келечек үчүн которууга даярдыгын белгиледи. Депутаттын демилгеси коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдар өлкө үчүн бир айлык маянасын, пенсиясын ж.б. тапкан каражатын которууга даяр болсо, кээ бири “карыз алынган каражаттын бир четин да көргөн жокпуз. Ким уурдаса, ошол төлөсүн”, - деген пикирди карманышты. Анын үстүнө элдин эсебинен тышкы карыздан кутулуу аракети биринчи жолу болуп жаткан жок. Атамбаевдин бийлиги учурунда тышкы карыз үчүн эки эсеп ачылган, бири сом түрүндөгү каражаттарды кабыл алса, экинчиси доллар менен. Бирок бул аракет ишке ашкан эмес, 2012- жылы эсеп жабылган, ал эми анчамынча кайдыгер эмес жарандардын топтогон суммасы Каржы министрлигине өткөрүлгөн. Андан кийин, 2018-жылы ал кездеги өкмөт башчы Абылгазиев да атайын эсеп ачып, өлкөгө жардам берүүнү каалагандардын колдоосун алууну сунуштаган. Бирок анда да көпчүлүк жарандар өлкө карызын коррупционерлердин эсебинен төлөө керектигин эскертишкен. Кыргызстандын тышкы карызы ушул жылдын июль айына карата чыгарылган маалымат болюнча 4,8 миллиард долларга жетти, аны менен катар бюджеттин дефицити да өсүп, жыл аягында 400 миллион долларга барышы божомолдонууда. Тышкы карыздын 43 пайызы Кытайга таандык. Учурда Айнуру Алтыбаеванын демилгесинен соцтармак “кайнап” жатат. Андагы айрым пикирлерди сунуштайбыз.
Назгүл Насиева, шоу чөйрөнүн өкүлү: “Эл эптеп оокатын кылып жүрөт”
Айнуру Алтыбаева: “тышкы карызды төлөө үчүн алтын, күмүш сөйкө, шакектерибиз болсо, “Кыргызалтынга” тапшырып, карыздан кутулалы, эл-журт”,- дептир. Ботом, эл-журт өзүбүз эптеп оокат кылып жүрөбүз, алтын, күмүштөрүбүз ломбардда. Андан көрө 120 депутат айдап жүргөн кымбат машинеңерди, кымбат бриллиант, алтын, күмүштөрүңөрдү, үйлөрүңөрдү, бизнесиңерди сатып, тышкы карыздан кутулуу үчүн чоң салымды, өзүңөрдөн баштагыла. Эл катары силер да батирге чыгып жашагыла, уялбай тыгылып маршруткага түшкүлө, болбосо жөө жүргүлө, салыктарды бүт төлөгүлө. Мына ошондо сонун болот! Тээ Жалал-Абаддагы мугалим апа “айлыгымды бүт котором” деп, ватцап группаларга тараткан идеясын, менчиктеп көтөрүп чыкпай!
Канышай Мамыркулова, журналист: “Жегичтер жана алардын балдары жыргап жашап жатат!”
- Эми мындай... Болуптур, көңтөрдүбү, төңкөрдүбү, айтор бийлик алмашты, “эми тынч жашайбызбы” десе Айнуру Алтыбаева окшогон акылмандар тышкы карыздан кутулуу боюнча “ашар” чакыра баштады. Албетте, элдин ынтымагы, биримдиги, кыйын учурда бир муштумга түйүлгөн сапаты мыкты. Бирок, элдин ишеними менен популисттер, жарма патриоттор, кошоматчылар ойнобош керек. Мамлекетти уурулар, каракчылар тоноп кете берсе, ишенчээк эл океандын тамчысындай кылып, чети оюлбаган тышкы карызга акча чогултса, анда бийликтин зарылдыгы канчалык? “Ашар чогултуп” эле жашай бербейлиби? “Кийин балдарыбыз кул болбой жашасын” дегендер, мындай кадам менен келечек муунга «жегичтер жеп кете берет, эл акыры төлөйт» деген түшүнүктү калыптандыра турганыбызды ойлондуңарбы? Буга окшогон популизмди унутпасам бир нече жыл мурун деле бир топ көтөрүп чыгышкан. Ошондогу жегичтердин алды өлүп кетип, арты “ХИПИКе кире коелу”- деген Акылбек Жапаров баш болуп, эми “алты облусту алты өлкөгө шефке берели” деп коюп отурат. Абал өзгөргөн жок. Ошол эле жегичтер жана алардын балдары жыргап жашап жатат. Элге эч нерсе жок. Пандемия учурунда элди ара жолго таштаган, тышкы карызды ойлонбой алып туруп, каалашынча чачкан Өкмөттүн жоопкерчилигин талап кылган жерибиз жок. Биз баш-аягыбызды жыйганча Абылгазиев Турцияга “жылт” койду деген кабар бар. Пандемия учурунда клексан менен гепарин таппай кыйналган элди эми тышкы карызга “сөйкөшакегиңерди чогулткула” деш ары болгондо акылсыздык, бери болгондо келесоолук. “Садыр Жапаровдун Өкмөтүнүн тышкы карыздан кутулуу боюнча программасы бар”- деп тарапташтары маалымат таратты. Ага чейин ага, анын айланасына кошомат кылып, популист болуп зарылдыгы жок. “Ушундай жегичтерди жоготобуз” дешти мамлекеттин жоопкерчилигин алгандар. Сыймык Жапыкеев баш болуп, куран кармагандарды, бажыдан ичип-жегенин, ТЭЦти, аттишти жегенин таап, кустурсун. Элдин башын айлантпагыла.
Дайырбек Орунбеков, журналист: “Насыяга келген каражаттар максатсыз жумшалган”
- Учурда мамлекеттин тышкы карызын төлөө боюнча талкуулар актуалдуу болуп жатат. “Эл төлөсүн” деген сунуштары менен чыккандар дагы бар. Кытайдан алынган карыздардын негизги бөлүгү Атамбаевдин убагында, Сапар Исаковдун аракети менен алынган. Бирок, насыяга келген каражаттар максатсыз жумшалып, уурдалып, мамлекет ири чыгаша тарткан. Карызды төлөө үчүн 2021-жылдан тарта 30 миллиард сомдун айланасында каражат бөлүнүш керек, бирок ал бизде жок. Карыз алган кишинин бирөөсү эркиндикке чыгам деп оолугуп жатса, экинчиси өлкөдөгү баш аламандык учурунда качып чыгып, из суутуп кеткен. Учурда Франциядан баш паанек сурап жатыптыр. Караламан журт кантип карызды кутулабыз деп баш оорутуп жатат. Тийешелүү органдар Сапар Исаковдун качып кетиши боюнча иш козгой элек, күбө катары ошол күндөрү чогуу жүргөн кеңешчилери Гүлнур Торалиева ж.б сураш керек. Тышкы карызды алган, хан сарай салып байыган, азыр Францияда жыргап жүргөн эки киши ушулар болот.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Сыртан келген кредиттин кайсыл бир бөлүгүн сен деле, мен деле “жеп”, ырысын көрүп жүрөбүз”
- “Мамлекет”- деген сөздү толук түшүнбөйт экенбиз. Жанагы “Сырткы карызды жалпы эл каражат чогултуп төлөп коелу”- деген демилге чыккандан бери ар түрдүү талаш-тартыш күчөп баратат. Бир тарабы “Чын эле төлөйлү. Колумдан келген каражатымды аябайм”- дешсе, экинчи тарап: “Карызга алган каражатыңдын бир тыйынын да көргөн эмесмин. Ошону алып, жеп ичкендер төлөшсүн”,- дешүүдө. Демек көбүбүз “МАМЛЕКЕТ”- деген сөздүн толук маанисин түшүнбөйт экенбиз. Мамлекет бул - сен экөөбүз. Мамлекетти биз баарыбыз биригип курап турабыз. Мамлекет бул - ЭЛ. Элиң жок болсо кайдан мамлекет болот эле. Ал эми сырттан келген карыздар кайда кеткенин жана анын бир тыйынын сен экөбүз көрдүкпү же көрбөдүкпү түшүндүрүүгө аракет кылайын. Чынымды айтайын сырттан келген карыздын так саны канча жана алар кайсыл тараптарга жумшалганын так билбейм. Билгенимди айтайын. Ошол сыртан келген карыздардын көп эле үзүрүн көрүп жүргөнүмдү моюнума алам. Маселен Бишкек-Ош жолу. Жылына болбоду дегенде Ош тарапка бир-эки каттайм. Асман менен учуп барган жокмун. Тээ оңдоло элек кездеги илгеркиге салыштырмалуу заңгыраган жол менен барам. Бишкектин ичиндеги бүгүнкүгө чейин оңдолуп аткан жолдор. Күндө ишке каттайм. Илгеркиге караганда жолдор дээрлик оңдолуп тартипке келип калганын моюнума алам. Оңдоткондо аттиши 600 доллар болгон ТЭЦ. Быйыл жылуулукту эрте беришти. Досторумдун үйүнө барсам терезелерин ачып коюп ич кийимчен жүрүшөт. Бишкек-Торугарт жолу. Кочкорго болбой калганда айына бир жолу каттайм. Эки жарым үч саатта эле барып калмай. Жол тим эле мелтирейт. Түндүк-Түштүк жаңы жолу да курулууда. Кара-Балта- Бишкек жолу бүтпөй койду. Буткөн жерлери мелтирейт. Түндүк-Түштүк жолун көргөндөр айтышууда, “тим эле укмуш. Тешкен тоосу эле дүйнөдөгү эң узун тешкен тоо болот имиш”- дешип. “Датка-Кемин” электр чубалгысы тартылып “свет өчөт”- дегенден кутулдук. Ушинтип мисал келтире берсем узун сөз. Мына ушунун баары сырттан кредит алынып курулганын билем. Жанагы “сырттан келген кредиттин бир тыйынын көргөн жокмун”- дегендер балким чет өлкөдө жашап жүргөндөр го. Болбосо асман менен учуп жүрүшпөсө керек. Мага окшоп эле ушул жолдор менен жүрүшсө керек. Эгер ушул жолдор менен жүрүшсө анда “Мен бир тыйынын көргөн жокмун”, - дешкени таптакыр эле түшүнүктөрүнүн жоктугу же карабеттенген ажымулуктук. Болбосо, терең ойлоп талдай келсек ошол сыртан келген кредиттин кайсыл бир бөлүгүн сен деле, мен деле «жеп» ырысын көрүп жүрөбүз. Ошондуктан, оозду куу чөп менен аарчып “Таптакыр көргөн жокмун”- деш туура эмес. Мамлекетти үй- бүлөгө салыштырып жүрөбүз. Эгер чын эле мамлекет, үй-бүлө десек анда биздин мамлекетти жети баласы бар үй- бүлө дейли. Ата-энебиз кредит алдыбы, карыз сурадыбы кыскасы, үй-жай куруп, очор-бачар кылып торолтуп өстүрдү. Биз чоңоюп акыл эсибизге келип, өз алдыбызча оокат кылууга жарап калдык. Анан эле проблема чыкты. Көрсө кайран ата-энебиз үй жай куруп, бизди баккандан тышкары да жакшы машина минип өздөрү да мыктылап кийинип, чет өлкөлөргө саякат куруп сайрандап жүрчү экен. Анан эле кредит карыздарды төлөшкө келгенде кыйнала башташты. Эмне кылуу керек? Ата-энебизди “Силер карызды ченеп албайт белеңер. Анан да ашыкча сайран курбашыңар керек болчу. Эми карызыңарды өзүңөр төлөгүлө. Биз билбейбиз”,- десек үй-жайдан айрылчудайбыз. Антпей, туугандар биригип ынтымакка келип чогулуп төлөп койсок болчудай. Эмне кылалы ар бир бала өзү ойлонушу керек. Маселен мен бай деле эмесмин. Болгону өз жанымды өп-чап баккандарга кирем. Жанагыдай эсеп ачылса, кимден канча каражат түшкөнү так көрсөтүлүп турса, кымтып кетмейге жол берилбесе аз аздан болсо да бир жыл бою ай сайын жалпы суммасы 20 миң сомго чейин төкмөкмүн. Бул менин жеке каалом. Ал эми калган бир туугандарыма баарыңар төккүлө деп айта албайм. Ар кимиси өзү билишсин. Бир гана сураныч, “бир тыйынын көргөн эмесмин”,- дегенди айтпагыла. “Пароходду көрдүң беле?”- десе, “көрмөк түгүл жегенмин”- дегендей, сырттан келген карызды баарыбыз эле бөлүшүп “жегенбиз”, болгону «май кармаган бармагын жалайт»- деп ынсапсыздарга кашык берсек эки ууртап жибергендер болду. Эмне кылабыз. Балким алар демилге башталып кетсе очойто-очойто төгүп элди ыраазы кылышаар. Мынча болду дагы бир мисалды келтире кетейин. Түштүк Корея учурунда биздей кыйынчылыкка кабылганда жалпы эл демилге көтөрүп, аялдар кулагындагы алтын сөйкө, шакек, чынжырчасынан бери чогултуп мамлекетке төгүшүп азыркы бай мамлекет болушуна жол ачышкан. Балким бул демилге биздин да бай мамлекет болушубузга жол ачаар.
Булак: "Майдан.kg" газетасы