"Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж.

Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 % депутаттардын иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү.

Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы. 

Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси - тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз", - деп сунуштады депутат Марлен Маматалиев.

Эске салсак, 6-октябрдагы митингде Акүй жабыркаган. Айрым кабинеттер талкаланып, кээ бири өрттөлгөн дагы. Мындан улам учурда Жогорку Кеңеш пленардык жыйындарын "Ала Арча" резиденциясында өткөрүүгө аргасыз болууда.