Кечээ колго түшүрүлгөн Камчы Көлбаев УКМКнын абагына 48 саатка камакка алынды, деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кечээ, 22-октябрда Камчы Көлбаев кармалганын билдирген. Кийинчерээк ошол учурда тартылган видео жарыяланды.
Колго түшүрүү иштери «Avangard» спорт клубунда жүргүзүлгөн. Анын кармалышы уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө байланыштуу.
Булак: Баракелде