- Бейшенбек мырза, Камчыбек Ташиев Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына туура эле дайындалдыбы?

- Камчыбек Ташиев аталган кызматка туура эле дайындалды. Баары бир бирөө келип баарын тазалаш керек эле. 30 жылдан бери баары аралашып кетти. Коррупционерлер, каралар, бийлик баары аралашып кетти!!!! Мамлекет- мамлекет болбой эле бандиттик ОПГ болуп калды. - Эми берген убадаларын аткарып, криминалдар менен күрөштү күчөтүп, коррупционерлерли кустура алабы? - Берген убадасын аткарбаганга укугу жок. Эл ошону талап кылып жатат. Өтө оор кырдаалда келип, жоопкерчиликти мойнуна алды. Тарыхтын, элдин, мыйзамдын астында өзүнүн миссиясын так аткарыш керек! Шайлоо астында лозунгу ушундай болчу. Эми жагдай жакшы шарт түзүп берди. Туура, так аткарып, коррупционерлерди кустуруп, Кытайдын карызын төлөтсө, Кыргыздын тарыхында Исхак Раззаковдой болуп калат! Аткаралбаса баягылардын бири болот. Тарых, убакыт көрсөтөт.

- Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болду. Эми 10 олигархты кустуруп, Кытайдын карызын төлөтүп коём деген убадасын аткара алабы?

- Сыймыктын колуна эми бийлик тийди. Эми убадасын аткарышы керек. Аткарбаганга айласы жок. Эл талап кылып жатат. Аткарбаса тигилердей эле болуп өзү да аралашып кетти деп жаман атты болуп калат.

- Мамлекеттин карызын фонд ачып төлөйлү дегендерди колдойсузбу?

- Фонд ачып төлөсө болот, бирок тыштан алган каражатты жөнөкөй эл жеген жок да. Ошондон улам 30 жыл бийликте жүргөн коррупционерлерге төлөтүш керек. Акаев 3 млрд, Бакиев 5 млрд, Атамбаев 5 млрд, Жеенбеков 5 млрд, Райым миллион 5 млрд төлөшү керек. Ушулардын жанында чогуу жүрүп, жегендер да төлөшү керек. Кыргызстандын 70 жыл чогулткан байлыгын 70 киши 7 күндө бөлүп алып, 90 пайыз элди жакыр кылып коюшкан. Ошолорго иш козгоп кустурсак эле Малайзиядай күчтүү мамлекет болобуз.

Булак: "Майдан.kg" газетасы