- Турсунбек мырза, коомчулукта Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектегени боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Анын ошол кызматы аркалаганга басып өткөн жолу, кылган кызматы жол береби?

- Камчыбек мырза, биринчи күндөн баштап, Садырдын жанында болуп, достук милдетин аткарды. Досчулуктун мыкты үлгүсүн көрсөттү. Негизи Камчыбек Ташиев УКМКны жетектегени туура эле болду. Досуна жардам бериш үчүн да ошондой жооптуу кызматты аркалашы керек эле. Анын генералдык чини бар. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп да жакшы иштеген. ӨКМ деле кандайдыр бир деңгээлде аскердик уюм болуп эсептелет. Камчыбек Ташиев өзү да патриот. Ош окуясында патриоттуулугун даана көрсөткөн адам. Элдин таламын талашкан, элдин ишенимине ээ болгон өжөр, баштаган ишин аягына чыгарган, “ичти, жеди” деген сөз ээрчибеген, күрөшчүл таза адам. Эми шашып кетпей ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөп, токтоо болуп, бардык маселеге салмактуу чечим чыгарса, сөзсүз түрдө иштеп кетет. Ишинен да оң жыйынтык чыгарат. Мен бул дайындоону колдойм. Камчыбек Ташиевди туура эле дайындоо болду деп эсептейм. Ал тургай Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Ташиевдин мезгилинде коррупцияга каршы чыныгы күрөш, тазалануу болгон, коррупционерлердин бетин ачкан деген жакшы сөздү калтырып кетет деген үмүтүм бар.

- Коррупционерлерди эселеп кустура алабы?

- Чынында коррупция менен күрөшүш өтө татаал. Оор процесс. Бирок, акчаларды уурдап коомго, мамлекетке зыян келтирген чиновниктерди катуу жазалап, алардан кустуруу же болбосо өндүрсө, мамлекет үчүн чоң иш кылган болот эле. Эми Садыр Жапаровдун командасындагы эң жакын жана ишенимдүү адамы болгон Камчыбек Ташиев айткан сөздөрүн, берген убадаларын аткарбаганга акысы жок. Анткени, убадаларды эл алдында берди.

Булак: "Майдан.kg" газетасы