Бүгүн, 21-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө.
Анда бүгүн отставкага кеткен Өткүрбек Жамшитовдун ордуна – башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралды. Анын жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүгү, 84 депутат колдоп 1 депутат каршы добуш берген.
Курманкул Зулушевди башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.
Булак: reporter.kg