Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун дареги тууралуу маалыматым жок, деп билдирди вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүнкү онлайн маалымат жыйында. Анын айтымында, алардын жүргөн жери такталып жатат.

«Тиешелүү органдар аларга издөө жарыялаган. Сапар Исаков Франциядан саясий баш калкалоо сураптыр… Ал чек арадан өткөнү тууралуу маалымат бизде жок», - деди М.Мамытканов.

12-октябрда Сапар Исаков, Албек Ибраимов, С.К.Куланбаев, Б.Ж.Куланбаевге эркиндикке чыгууга берилген уруксаттын мөөнөтү аяктаганы жарыяланган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде абактын аймагынан чыгууга уруксат берилген адамдар буга чейин жазасын өтөп жаткан мекемелерге кайтып барышы керек. Бул талапты аткарбагандарга укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Буга чейин С.А.Авазов, Д.С.Мусакеев, Р.К.Төлөгөнов, А.Р.Калиев жаза өтөө мекемелерине кайтып барышкан.

Булак: Баракелде