Атамбаев да, Жээнбеков да эч нерсе кыла алган эмес. Бүгүнкү бийликтин, тагыраак айтканда, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен С.Жапаровдун элдин тилегин орундатып, айтылуу «Раим-милионду» дароо кармап, анын бажы тармагынан коррупциялык схемалар аркылуу миллиондогон доллар акчаларды чыгарып жыргап жүргөнүнүн тегерегинде иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 2 миллиард сом (25 миллион доллар) башталышында кускандыгы, «бомба»болду. “Азаттык” радиосу Р.Матраимовдун Бажы тармагындагы коррупциялык схемасы тууралуу бир канча иликтөөлөрдү жүргүздү. Акыркы иликтөөсү Бажы тармагын бүтүндөй Матраимовдордун жакындары, туугандары ээлеп алганына күбө болдук. Тармактагы схема аркылуу Матраимов миллиондогон жашылбайларды капчыгына салып, өлкө бюджетине оңбогондой зыяндарды келтирип атканына башка далилдин деле кереги жок. Анын орду түрмөдө гана экендиги эч кимде талаш туудурбай калды. Мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илүүдө. Коррупциялык жол менен маарыган акчасына өзүнүн партиясын түптөп, аны менен парламентке барып, өлкөдөгү бийлик бутагынын бирөөсүн колго алгысы келди эле, бирок андай ою ишке ашпай калды. УКМКнын жаңы жетекчиси К.Ташиев мурунку бийликтер “даай албаган” кадамга барды. Азыркы президенттин м.а. Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы К.Ташиев Матраимов феноменине «жирный» чекит койсо, тарыхта аттары алтын тамгалар менен жазылып калаарынан шек жок!

Булак: "Майдан.kg" газетасы